Haber

"Алыста жүргөндө абалың кандай студент?" аттуу онлайн жолугушуу болуп өттү.

31-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 15-00дө өтө турган "Алыста жүргөндө абалың кандай студент?" аттуу онлайн жолугушуу болуп өттү. Жыйынга Испания, Германия, Түркия, Корея, Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөрдүн ЖОЖдорунда академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жүргөн студенттер жана алардын декандары, эл аралык байланыштар департаментинин кызматкерлери, декандардын тышкы байланыштар боюнча орунбасарлары (координаторлор) ж.б. катышты. Медицина факультетинен Түркияда Жимхуриет университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жүргөн стоматология адистигинин студенти Шаисмаилова Насиба катышты.
206 11:38 01-06-2022

                 

Haber

|< 1 2 3 4 >|