Haber

ANATOMY // октябрь // 2023: Кыргыз Республикасынын “ДАҢК” медалынын ээси Б.Чырмашова ОшМУнун магистратурасына тапшырды

11.10.23. Кыргыз Республикасынын “ДАҢК” медалынын ээси Б.Чырмашова ОшМУнун магистратурасына тапшырды ✅ Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын тарыхында биринчи жолу ОшМУнун “Коомдук саламаттыкты сактоо” багыты боюнча магистратурасына кафедранын морг башчысы Бурмакан Чырмашова тапшырды. 67 жаштагы Б. Чырмашова медицина факультети ачылгандан баштап (1993) азыркы мезгилге чейин морг башчысы болуп эмгектенип келет. Илимий багытта адамдын физикалык жактан өрчүүсүн изилдөө жаатында темасы бекитилип (1997), жергиликтүү жана эл аралык басылмаларда бир нече жолу макалалары жарык көргөн. Көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн факультеттик, университеттик жана республикалык сыйлыктарга татыктуу болгон. Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “ДАҢК” медалы менен сыйланган. Кафедра жамаатынын атынан магистрантыбызга илимий ийгиликтерди каалайбыз.
192 07:00 11-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|