Курман айт – кайрымдуулуктун, боорукерликтин, биримдиктин жана кечиримдүүлүктүн майрамы. Ушул Ыйык Курман айтта Жараткан жергебизге кут-берекесин төгүп, элибиздин ынтымагын бекемдеп, ырыскысын мол кылып, жүрөгүбүзгө ыйман нурун толтурсун. Ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн мекендештерибиздин ажылык ибадаттары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин. Ошондой эле бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт кушу уялап, жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашуусун Жараткан өзү колдосун! Ден соолугуңуздар чын, ыйманыңыздар бекем болсун.
Айтыңыздар маарек болсун!
АГИнин жамааты