Haber

Ийгиликтер артынан

ОшМУнун медицина факультетинин "Ортопедиялык стоматология ортодонтия курсу менен" кафедрасынын улук окутуучусу Арстанбеков Сабырбек Рустамович "КЫРГЫЗСТАНДА ШИЛЕКЕЙ БЕЗДЕРИНИН ЗАЛАЛДУУ ЭПИТЕЛИЙ ШИШИКТЕРИНИН ТАРАЛЫШЫНА, АБАЛЫНА ЖАНА ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫНА ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР" (шифр 14.01.14 – стоматология 14.01.12 – онкология) медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертациясын жактап, медицина илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражасы ыйгарылды. Урматтуу Сабырбек Рустамович! Сизди илим жаатында жараткан ийгилигиңиз менен кафедранын жалпы эмгек жааматы кызуу куттуктайт. Мындан ары да билим берүү тармагында ак кызмат кылып, жаштарга талыкпай билим берүү менен окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошо беришиңизге тилектешбиз!
96 05:46 08-05-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|