“Бекитемин” _____________________________
Физика-техника факультетинин
деканы, доцент Айдарбеков З.Ш.
“___”____________2019 ж.
Ош МУнун Физика-техника факультетинин окуу-методикалык кеңешинин (ОМК)
2019-2020-окуу жылы үчүн иш-планы
КК №№ |
Пландаштырылган иш- чаралар |
Аткаруунун мөөнөтү |
Жооптуу |
Эскертүү |
|
1. Уюштуруу иштери |
|||||
1.1 |
Факультеттин окуу-методикалык кеңешинин 2019-2020-окуу жылы үчүн иш-планын түзүү, аны ФТФнын Окумуштуулар кеңешинде бекитүү |
Сентябрь, 2019 |
ОМКнын төрагасы |
||
1.2 |
ФТФнын окуу-методикалык кеңешинин жана кафедралардын окуу-методикалык топторунун ишмердигин методикалык жетектөө жана көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүү. |
Окуу жылы ичинде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
1.3 |
“Ош МУнун мыкты лектору-2020”, “Ош МУнун мыкты окутуучусу-2020” конкурстарына катышууну уюштуруу. 1.2.1. Конкурстун 1 туру: кафедралар ичиндеги конкурс 1.2.2. Конкурстун 2 туру: кафедралар арасындагы, факультеттик конкурс 1.2.3. Конкурстун 3 туру: факультеттер арасындагы, университеттик конкурс |
Ноябрь, 2019 Декабрь, 2019 Март-апрель, 2020 |
Каф. башчылары, ОМКнын мүчөлөрү Деканат, ОМКнын мүчөлөрү Деканат, ОМКнын төрагасы |
||
1.4. |
“Мыкты окуулуктардын” жана “Мыкты электрондук окуулуктардын” конкурстарына катышууну уюштуруу. |
Апрель, 2020 |
ОМКнын мүчөлөрү, окутуучулар |
||
1.5 |
“Мыкты ОМК” конкурсуна катышууну уюштуруу |
Апрель, 2020 |
ОМКнын мүчөлөрү, окутуучулар |
||
2. Окуу-нормативдик базаны өркүндөтүү боюнча иш чаралар |
|||||
2.1 |
Факультетте колледждин, бакалавриаттын жана магистратуранын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо, квалификациялык долбоорлорду жана магистрдик диссертацияны аткаруу боюнча жоболорду иштеп чыгуу. |
Декабрь, 2019 |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
2.2 |
Факультетте эл аралык аккредитациялоону өткөрүүгө катышуу. Өздүк аттестацияны, анкеталарды чогултуу, баа берүүнү уюштуруу, эл аралык аккредитациялоого керектүү материалдарды даярдоо |
Учурунда |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
3. Окуу-методикалык багыттагы иштер |
|||||
3.1 |
ФТФдагы окутуучулардын окуу-методикалык багытта даярдаган документацияларынын, иш кагаздарынын болушун, алардын бекитилишин текшерүү: - негизги билим беруу программаларын (НББП); - окуу-методикалык комплекстерин (ОМК); - көргөзмөлүү лекциялардын тексттерин, практикалык сабактардын иштелмелерин; - силлабустарын; - өздүк отчетторун (пландарга ылайык аткарган иштеринин жүрүшүн, жыйынтыктарын каттоолору, аларга баа берүүлөрү; аларды өркүндөтүү боюнча ойлору, д.у.с.). |
Окуу жылы ичинде планга ылайык текшерүү мезгилдеринде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
3.2 |
ФТФдагы окутуучулардын лекцияларынын, сабактарынын, окутуу технологияларын өркүндөтүү багытында жүргүзгөн иштери, алардын натыйжалары менен таанышуу: Окутуучулардын: - студенттер менен иштөө, алардын өз алдынча иштерин уюштуруу, натыйжасын баалоо багытындагы иштери, алардын натыйжалуулугу менен таанышуу; - студенттердин билимин, ык-машыгууларын текшерүү каражаттары менен таанышуу: - тесттери; - контролдук иштер; - текшерүүчү суроолор; - атайын тапшырмалардын системасы; - ж.б.д.у.с. |
Окуу жылы ичинде планга ылайык текшерүү мезгилдеринде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
3.3 |
Кафедралардагы мугалимдердин өз ара лекцияларга, сабактарга катышууларынын пландуулугу, анын аткарылышы менен, аларды анализдөөнүн, баалоонун мүнөзү, натыйжалуулугу менен таанышуу |
Планга ылайык текшерүү мезгилдеринде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
3.4 |
Кафедралардагы профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын өркүндөтүү багытында жүргүзүлгөн иштердин системасы, натыйжалуулугу, маалыматтык базасы менен, алдыга коюлган пландары менен таанышуу |
Планга ылайык текшерүү мезгилдеринде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
4. Методикалык иштерди өркүндөтүү |
|||||
4.1 |
Факультеттердин жана кафедралардын алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүү, жалпылоо, окуу процессине кийирүү, жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүү. |
Окуу жылы ичинде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
4.2 |
Окутуунун жаңы технологияларын үйрөнүү, пропагандалоо жана окуу процессине кийирүү. |
Окуу жылы ичинде |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
4.3 |
Факультеттин окутуучулары даярдаган окуулуктардын, окуу колдонмолорунун жана окуу методикалык адабияттардын, кол жазмаларын, электрондук басылмаларды рецензиялоону жүргүзүү. |
Учурунда |
ОМКнын мүчөлөрү |
||
5. Эмгекти стимулдаштыруу |
|||||
5.1 |
Факультеттеги жана кафедралардагы окуу процессин методикалык камсыздоого активдүү катышкан окутуучуларды сыйлоо жөнүндөгү сунуштарды кароо жана жетекчиликке сунуштамаларды берүү. Алардын иш тажрыйбаларын үйрөнүү, жайылтуу боюнча иштерди уюштуруу. |
Учурунда |
ОМКнын мүчөлөрү, комиссия |
|
|
ФТФнын методикалык кеңешинин
төрагасы, доцент Э.Садыков