Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин студенттери үчүн өз жерибизди тааныштыруу менен бирге, тарыхый-маданий жерлерди таануу жана жаштар арасындагы ынтымак, мекенге болгон сүйүүнү арттыруу үчүн “Аймак таануучу”деген аталыштагы кружок уюштурулган. Биринчи турду 17-апрель күнү Баткендин "Айгүл гүлүн" көрүү максатында Айгүл тоого STEM инновациялык колледжинин окутуучулары жана туризм, ветеринария жана колдонмо геодезия адистигинин студенттери барып келишти.
- Программада:
1. Айгүл -тоосуна чыгып "Айгүл гүлүн" көрүп,
2. Кызыктуу оюн-зооктор менен,
3. Төрт-көл суу сактагычына саякаттап, кызыктуу эс алып келишти.