Haber

Ата-энелер менен жолугушуу

2023-жылдын 1-апрелинде Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 520200 Биология багытынын БИО(б)-1-20(р) тайпасында билим алып жаткан студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда, 520200 Биология багытынын программа жетекчиси, зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкааров Абдиманнап жолугушууну ОшМУдагы жетишилген ийгиликтер, ОшМУнун билим берүү системасынын баскычтары менен тааныштыруу менен баштады. Жолугушуунун негизги бөлүгүн 520200 Биология багытынын МББС, аталган багыттын НББПсы, андагы окуу планы жана жумушчу окуу планы менен тааныштыруу түздү.

520200 Биология багытынын мамлекеттик билим берүү стандарты жана негизги билим берүү програмасы менен тааныштырууда даярдоо багытынын жалпы мүнөздөмөсүнө, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүктөрүнүн тармактарына, НББПнын түзүлүүсүндөгү стейкхолдер болуп саналган ата-энелердин жана студенттердин орудуна басым жасалды.

Ата-энелерден бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча көп суроолор берилгендиктен, программа жетекчиси Абдыкааров Абдиманнап мекемелер менен түзүлгөн келишимдер менен тааныштырып, аларда студенттер өндүрүштүк практикаларын уюштурууга боло тургандыгын баса белгиледи. Окутуучу Ташбалтаева Шааркан аталган адистикти бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнө кенен токтолду.

Жалпысынан ата-энелер 520200 Биология багытынын негизги билим берүү программасынын түшүнүктүү жана так жазылгандыгын билдиришип, мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин кенен экендигин, алардын студенттердин окуу-өндүрүштүк практикаларындагы маанисинин жогору экендигин баса белгилешти.

227 06:55 11-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 >|