Макала

ОшМУнун 11 студенти Кытайдагы Синьзян педагогикалык университетинде 6 ай билим алуу үчүн жөнөп кетти

Ош мамлекеттик университетиндеги Конфуций институтунда билим алып жаткан 11 студент ОшМУ менен Синьзян педагогикалык университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимине ылайык 22-февраль күнү 6 ай, башкача айтканда I семестр мөөнөттө окуп келүү үчүн Кытай Эл Республикасына учуп кетишти.

Синьзян педагогикалык университетинде студенттер кытай тили, маданияты, тарыхы боюнча 6 ай билим алышып, жайкы сессиядан кийин кайтып келишит. “Ушул эле келишимдин негизинде Синьзян педагогикалык университетинде билим алышкан 10 студент ОшМУга келип, орус тили, кыргыз элинин улуттук аспаптары, маданияты, тарыхы боюнча билим алып жатышат. Ошондой эле жайкы эс алуу мезгилинде бизде билим алып жаткан 20 студент Кытайга барып, кытай маданиятын, тилин үйрөнүү менен маданий жайларында саякаттап келүүсү пландаштырылууда. Ал эми 22-февралда учак аркылуу кетишкен студенттерибиз жеткен соң, Кытайга кеткен студенттердин кураторлору ата-энелеринин үйлөрүнө барышып, телефон аркылуу байланыштырып келишти”, - деди Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев.


               

Макала

|< 1 >|