Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунда:
17 кафедра, 17 PHd докторлор, 390 илимдин кандидаттары, доценттер, 24 илимдин кандидаттары, профессорлор, 56 илимдин докторлору, профессорлор, 2 КРУИАнын мүчө-корреспонденттери, 2 КРУИАнын академиги сабак беришет
Билимин өркүндөтүүгө келишкен мектеп мугалимдери лекцияларды заманбап жабдылган залдарда угушуп, лабораториялардын, кабинеттердин, китепкананын, электрондук китепкананын, көз карандысыз тестирлөө борборлорунун жана интернет кызматтарынан толук пайдалана алышат жана жатакана менен камсыз болушат.
Квалификациясын жогорулатуу курсуна катышкан педагогдорго түзүлгөн шарттар:
Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;
Электрондук китепканадан электрондук китептерди колдонуу;
Видео-сабактардын, сабакта колдонулуучу слайддардын, презентациялардын электрондук вариантын алуу;
Борборлоштурулган китепканалар тармагынын окуу залдарынын кызматтарынан пайдалануу;
ОшМУнун жалпы орто билим берүүчү “Билим”, “Ыйман” лицейлеринде уюштурулуучу ачык сабактарга катышуу;
Жалпы Республикалык тестирлөөгө абитуриенттерди предметтен даярдоо боюнча тажырыйба алмашуу максатында ОшМУнун “Адис” окуу борборунда уюштурулуучу сабактарга катышуу