Новости Архив

ВОСПИТАТЕЛЬНАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Ош шаарында "Жибек-жолу марафон-2024" массалык чуркоо жарышы өттү. Массалык чуркоого Кыргызстандын бардык аймагынан, Казакстан, Өзбекстандан спортучулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, мектеп окуучулары катышты. Баардык катышуучулар алдын-ала каттоодон өтүп, ар бири катар номер алышкан.Мындай массалык чуркоону камтыган марафон ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу өтүп жатат. Бул марафонго катардан калбай "Педиатрия 1" кафедрасынын окутуучулары: м.и.к., доцент Турдубаев Курсанбек Ташболотович жана окутуучу Каракозуев Максутали Макамбаевич дагы катышып байгелерди алып кайтышкан.


ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата медицина факультетинде марттын жыйырмасында Нооруз майрамы өзгөчө форматта болуп өттү. Кафедралар арасында Кыз жигиттин Сармерден оюну уюштурулуп, элге майрамдык маанай тартууланды. "Педиатрия 1" кафедрасынан окутуучу Ашимова Насийба Турсунбаевна, методист Ахматова Венера Махаматжановна катышты. Сармердендин башында алас айтылып кыргыз күүлөрү үзүлбөй угулуп турду. Мукамдуу ырлар, терең маанилүү макал-лакаптар, жаңылмачтар менен коштолду. Майрамдык жакшы маанай, көтөрүңкү көңүл менен көрүүчүлөр, ырахаттанып эс алып отурушту. Кыз жигиттердин күч сынашуусунда, кызыктуу айтыштар, өтө тамашалуу акыялар дагы болду. Даарыгерлердин талантын баалаган, калыстыгы как жарган калыстар тобу кыздарга жеңишти ыйгарышты! Салттуу Сармерден кезеги эл аралык Медицина факультетине берилди. Медицина факультетинин жамаатына, факультеттин деканы Исматилла Токтосуновичтин иштерине чыгармачыл ийгиликтерди, ынтымак, ырыскы жана биримдик каалайбыз. Факултеттин өнөрү өркүндөй берсин!


"Педиатрия 1" кафедрасынын ага куратору Ашимова Н.Т. 1-декабрь СПИДке каршы куратордук саат откорду. Бул куратордук саатка кафедранын мугалимдери катышты. Дискуссия да уюштурушту.


Дискуссия абдан кызыктуу болду.