News Архив

Информационно-коммуникационных дисциплин
Шакиров Кылычбек Курбанбекович жеткетеп келүүдө

Кыргыз Республикасынын Билим берyy жана илим министрлигинин 2017 жылдын 5-июлундагы № 920/1 буйругунун негизинде 2017-2018-окуу жылында 220206 -“Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы (тармактар боюнча)”, 230701 -“Колдонмо информатика (тармактар боюнча)” адистиктерине лицензия алынып студенттерди кабыл алуу жүргүзүлгөн.

220206-“Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСОИУ) адистигин 2017-жылдан 2019-жылга чейин МИТ факультетинин ИТАС кафедрасында жетектеп келген.

Ал эми 230701 “Колдонмо информатика” адистиги 2017-жылдан 2019-жылга чейин МИТ факультетинин Информатика кафедрасында иш алып барылган.

2019-2020-oкyy жылында МИТ факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн орто кесиптик билим берүүнүн 1-тиркемедеги студенттерин ОшМУнун окумуштуулар Кеңшинин (2020-жыл, 28-февраль, №7 протокол) "Университеттин курамындагы структуралык түзүмдөрдүн, факультеттердин жана колледждердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана учурдун талабына шайкеш келтирүү максатында аларды оптималдаштыруу чечиминин негизинде Индустриалдык-педагогикалык колледждин курамына кошулуп 30.11.2020-жылдан бери № 1262-ФХД/20 буйругунун негизинде Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар кафедрасы деген аталыш менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 2020-2021-окуу жылында өзгөрүү болгондугуна байланыштуу 24.03.2021-жылдын №990-ФХ/21 буйругунун негизинде “Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар” циклдык коммиссисы деген аталыш менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Азыркы учурда циклда 1 доцент,1 иш берүүччү (окутуучу),1 улук окутуучу,

16 окутуучу, 1 - лаборант жалпы 20 окутуучу эмгектенет. Циклды Шакиров Кылычбек Курбанбекович жеткетеп келүүдө.