





Индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги алдынкы тажрыйба борборунда (АТБ) лицейлердин устат-мугалимдери “ПОВТАС” жана “Тикмечи/бычмачы” адистиктери боюнча (72с) курсун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.
ОшМУнун индустриалдык- педагогикалык колледжинде Ош областындагы кесиптик лицейлердин окутуучулары үчүн АБРдин "Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик билим берүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында "Бычмачы/тикмечи" жана "ПОВТАС" программалары боюнча 72 сааттык билимди өркүндөтүү курстары башталды. Аталган курстарды финансылык жактан каржылоо, б.а. жатакана, тамак-аш, айлык акы, окууга керектүү ресурстар менен камсыздоо АБР тарабынан колдоого алынган. ИПК Алдынкы тажрыйба борбору катары башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн тиешелүү адистиктер боюнча байма-бай атайын курстарды уюштуруп турат. Азия Өнүктүрүү Банкы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин приоритеттүү багыты катары каралган башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө бир топ салымын кошуп келе жатат. Окуу 2024-ж. 13-майдан 23-майга чейин 10 күндүк мөөнөт менен өтүлөт.








ОшМУнун индустриалдык- педагогикалык колледжинде (ИПК) Ош областындагы кесиптик лицейлердин окутуучулары үчүн "Повтас" (ИКТ) программасы боюнча 72сааттык билимди өркүндөтүү курсу башталды. Курс Азия Өнүктүрүү Банкынын (АБР) "Секторду өнүктүрүү: Инклюзивдик билим берүү" долбоорунун алкагында уюштурулган.