12-апрелде ИПКда "Көп тилдүү билим берүү" долбоорунун алкагында окутуучулар CLIL технологияларын колдонуу менен ачык сабактарды өтүүдө. Ачык сабактарга КРнын РИПКнын башкы адиси, CLIL технологиясы боюнча эксперт А.Оморова жана ИПКнын окутуучулары катышууда. Максаты: окуучулардын тил билүү денгээлин жогорулатуунун методикасын үйрөнүү.
Ош областындагы лицей жана колледждердин 12 окутуучусу "Ишмердиктин негиздери" сабагын окутуу боюнча кесиптик билимди өркүндөтүү курсун (24 саат) окуду. Аталган курс АБРдин "Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик билим берүү" долбоорунун алкгында, ИПКнын директору О.Шаимкуловдун демилгеси менен уюштурулду.