Жаңылыктар

123 12:56 17-12-2022

История кафедры

История кафедры

116 12:55 17-12-2022
Кафедранын илимий багыттары

Кафедранын илимий багыттары:

1. Хирургиялык оорулардын дарттабуусун жана хирургиялык дарылоосун андан ары жакшыртуу, ыңгайлаштыруу.

Бул багытта кафедра башчы, м.и.д.,профессор А.А.Муратов «Хирургия практикасын социалдаштыруу, дарттапма процессин индустриялаштыруу жана дарылоо ыгын жекелештирүүнүн илимий негиздери» аттуу темада докторлук диссертациясын коргогон, диссертация КР ЖАК тарабынан 2011-жылдын 11-ноябрында бекитилген.

Профессор А.А.Муратовдун жетекчилиги алдында Жалал-Абад облусунун башкы хирургу, медицина илимдеринин кандидаты К.О.Абдыкалыков «Стратегия оптимизации организации хирургической помощи больным с повреждениями грудной клетки на уровне районных и областных стационаров Кыргызской Республики» аттуу темада докторлук диссертациясынын үстүнөн иш алып барууда. Ошондой эле кафедранын окутуучусу, аспирант Т.Т.Мадалиев «Оптимизация организации лечебно-диагностической помощи в экстренной хирургии на догоспитальном этапе» деген темада кандидаттык диссертация үстүндө иштөөдө. Ал эми «Хирургиялык оорулар» кафедрасынын окутуучусу, кафедранын аспиранты Кутуев Ж.А. «Оптимизация оказания помощи пострадавшим с повреждениями кровеносных сосудов в условиях первичного и вторичного звена здравоохранения Кыргызской Республики» деген темада кандидаттык диссертациясын 2024-жылдын сентябрь айында ийгиликтүү жактады.

Мындан ары да бул багытта жана ички органдардын травмасы, алардын кабылдоосун алдын алуу жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча илимий изденүүлөр жүргүзүлүүдө.

КР УИАнын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор И.А.Ашимов жана медицина илимдеринин доктору, профессор А.А.Муратов “Медицина философиясы” багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

2. Аноректалдык аймактагы айкалышкан оорулардын дарттабуусун жана хирургиялык дарылоосун оптималдаштыруу.

Бул багытта кафедранын окутуучусу, аспирант Жолоболдуев Ж.М. “Оптимизация диагностики и

хирургического лечения хронического геморроя в сочетании с хроническим

парапроктитом” деген темада жана аспирант Камчиев К.А. Радикальное лечение острого парапроктита в сочетании хроническим геморроем III- IV степени деген темада кандидаттык дисертациясынын үстүнөн иш алып барууда.

3. Релапаротомиядагы хирургиялык ыкмаларды оптималдаштыруу жана алардын алгоритмин, кайрадан жасалган операцияларды компентентик көз карашта обьективдештирүү чараларын иштеп чыгуу.

Бул багытта кафедранын профессору З.А.Туйбаевдин жетекчилиги астында аспирант Невреев А.А. кандидаттык диссертациясынын үстүнөн иштөөдө.