ОшМУнун бардык факультеттеринде, коллеждеринде мамлекеттик тил Мыйзамынын 25 жылдыгына карата салтанаттуу кечелер,жыйындар, төгөрөк столдор болуп өттү. Мамлекеттик тилде туура сүйлөө, сабаттуу жазуу боюнча да үч айлыкка пландар түзүлүп, иш-чаралар өтмөкчү. 26.09.2014 күнү теология факультетинде "Мамлекеттик тил-улуттун жүзү, достуктун күзгүсү" аттуу салтанаттуу жыйын болуп, факультеттин деканы, тарбиялык иштер боюнча орун басары жана жалпы окутуучулар катышты. Студенттер мамлекеттик тилди даңазалоо менен сахналык көрүнүштөрдү, элдик каада-салттарды, кыргыз бийлерин бийлешти. Факультеттин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Ш. Масиралиев сөз сүйлөп активдүү катышкан студенттерге деканат тарабынан акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле кечени уюштурган окутуучуларга ыраазычылык билдирилди. Ал кыргыз тили мугалими Мамадыева Гүлзар факультеттин Ардак грамотасы жана 500 сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Ушул эле күнү финансы-юридикалык коллежинде да кече болуп, студенттер мыкты көрүнүштөрдү, көркөм окууларды көрүүчү студенттерге тартуулашты. Кеченин соңунда коллждин директору Т. Акматова мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, студенттер үчүн бул майрам 23-сентябрь күнү гана белгиленбей, бардык күндөр мамлекеттик тилге астейдил мамиле жасап, туура, таза сүйлөөгө студенттерди чакырды. Бул кечени уюштурган доцент Б. Абдувалиеванын кафедрасына жана кечеге катышкан студенттерге ыраазычылык билдирди.