БООРУКЕРЛИК
2026-жылдын 5-март Орозо айында ОшМУнун Медициналык колледждин директордун тарбия иштери боюна орун басары Ж.А.Исманалиева студенттик кеңеш, кураторлук тайпалар жана кураторлор Сеитова Гулшайыр, Жумагулова Барчынгүл эжекелер менен биргеликте карылар үйүнө барып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп келди. Студенттер улуу муундун өкүлдөрү менен баарлашып, майрамдык маанай тартуулашты. Бул иш-чара жаштарды боорукерликке, улууларды урматтоого жана адамгерчилик баалуулуктарга тарбиялоо максатында уюштурулду.
КУДАЙДЫН КУЛАГЫ СҮЙҮНСҮН
226-жылдын 27-февралында ОшМУнун медициналык колледжинин орус тили окутуучусу Акматова Дилбар Сарыбаевна жана ОшМУнун ИПКнин орус тили окутуучусу Досматова Джамиля Нишановна Ата мекенди коргоо күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Иш чарага чек ара кызматынын, Афганистан согушунун ардагерлери келип өздөрүнүн басып өткөн жолу тууралуу маалымат беришти. Иш чарага ЛД11-5-25 жана СД11-7-25 агымдарынын студенттери Ата-Мекен жөнүндө ырларды ырдап, айтып беришти.
Экологиянын негиздери боюнча силлабус Органикалык эмес химия силлабус Органикалык химия силлабус











