Окуу процесси

ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ

Окуу-талаа практикасы ПЦКдагы “Ботаника” предметин өздөштүрүүнүн негизги формасы болуп саналат жана ал үчүн жетишээрлик сандагы сааттар бөлүнгөн. Окуу-талаа практикасы жылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлөт, анда студенттер теориялык жактан алган билимдерди бекемдейт, ал эми окуутуучулар илимий изилдөө иштери үчүн материалдарды да топтошот. Окуу-талаа практикасын өткөрүү үчүн “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркы жана “Кара-Кой” мамлекеттик коругу менен келишимдер түзүлгөн. Окуу-талаа практикасы студенттер үчүн “Ботаника” предметинин эң негизги жана кызыктуу бөлүгү болуп саналат. Практика учурунда студенттер окуу менен биргеле бир нече акцияларды, иш-чараларды жүргүзүшөт (Тазалыкты сактоо, Жаратылышты коргоо).