Кафедранын тарыхы
баш mkdir -p /home/claude/diss && cd /home/claude/diss && npm install docx 2>&1 | tail -5 Чыгаруу npm notice npm notice New major version of npm available! 10.9.7 -> 11.17.0 npm notice Changelog: https://github.com/npm/cli/releases/tag/v11.17.0 npm notice To update run: npm install -g npm@11.17.0 npm notice Бүттү Графиктер үчүн алгач сигналдардын SVG/PNG сүрөттөрүн даярдайм (синус, тик бурчтуу, үч бурчтуу, импульс, АМ/ЧМ модуляция), андан кийин аларды Word документине киргизем. 3 буйрукту аткардым, файл түздүм Ran 3 commands, created a file Графиктер даяр. Эми Word документти жаратуучу JS скриптти бөлүм-бөлүм жазам. Биринчи негизги структура, стилдер жана Кириш сөз менен 1-бөлүмдү жазам. Docx китепкана текшерүү Docx китепкана текшерүү Эми негизги документ скриптин жазам. Көлөмү модул чоң андан ары, аны бир нечеге бөлүп жазам — ар бир бөлүм өзүнчө JS файлда, кийин баарын бириктирем. 2 файл түзүлдү 2 файл түзүлдү Эми титулдук бет, мазмун жана Кириш сөздү жазам. Титулдук бет жана Кириш сөз модулу Титулдук бет жана Кириш сөз модулу Эми 1-бөлүмдүн (теориялык негиздер) жазам — бул эң чоң бөлүм болот. 1-бөлүм: Теориялык негиздер 1-бөлүм: Теориялык негиздер 1-бөлүм даяр. Эми бул бөлүмдү тестирлеп ​​көрөйүн, документ туура чыгат бекен текшерейин, андан кийин калган бөлүмдөргө өтөм. 2 буйрукту аткардым, файл түздүм Ran 2 commands, created a file Жакшы, валидация өттү. Беттердин текшерүүсүн. PDF ге айландырып бет санын текшерүү PDF ге айландырып бет санын текшерүү 13 бет — титул, мазмун, кириш сөз жана 1-бөлүм үчүн бул жакшы көрсөткүч (бул бөлүмдөр менен 25 бетке туура келет, толук 70 бетке жетүү үчүн калган бөлүмдөр дагы 45+ бет берет). Сүрөттөрдү көрүп көрөйүн. Буйрукту аткарып, файлды көрдүм Ran a command, viewed a file Эң сонун көрүнөт. Форматтоо, графиктер, кара сөз стили — баары жакшы чыкты. Эми калган бөлүмдөргө өтөм. 2-юм (приборлордун бөлүктөрүн тазалоо) жаза 2-Приборлордун техникалык бөлмөсү жана окшошма анализи 2-Приборлордун техникалык бөлмөсү жана окшошма анализи Эми 3-бөлүмдү (практикалык эксперименттер) жазам — бул эң чоң бөлүм болот, ар бир эксперимент үчүн таблицалар жана графиктер менен. Буйрукту аткарып, файл түздү Ran a command, created a file Эми 4-бөлүм (методика) жана корутунду/адабияттар бөлүмдөрүн жазам. 2 файл түзүлдү Created 2 files 4-бөлүм: Физикалык практикумга интеграциялоо усулу 4-бөлүк.js Корутунду, адабияттар тизмеси, тиркемелер модулу 5-бөлүк_аягы.js Бүттү Эми баарын бириктирип, толук документти курат. 2 буйрукту аткардым, файл түздүм Ran 2 commands, created a file Валидация ийгиликтуу. Эми бет текшерейин. Бет санын текшерүү Бет санын текшерүү 32 бет — бул талап кылынган 70 бет алдыда. Көлөмдү көбөйтуу керек. Бөлүм-бөлүм текстти кеииитип, көбүрөөк графика/таблица/мисал кошуп, ошондой эле бош эмес мазмун менен толтуруп көбөйтүүейин. 2 буйрук аткарылды, 2 файл каралды Ran 2 commands, viewed 2 files Жакшы көрүүт. Эми мазмунду 70 бет кем калбасы учун кобейтуу керек. Ар бир бөлумгу козумдоп толуктайм — теориялык бөлүүмдо коп жаны подболумдор, эксперименттерди дагы толук жазам. 3 файл түзөтүлдү 3 файл түзөтүлдү Эми 1.4-бөлүмгө да толуктайм жана 2-бөлүмго коопт мазмун кошом. 2 файл түзөтүлдү, буйрук аткарылды Edited 2 files, ran a command Эми 2-бөлүмгө да толуктайм. Буйрукту аткардым, файлды түзөттүм Ran a command, edited a file даяр болдубу 11:02


Drive Папка


oshmu_jfjfou | Instagram Preview

@oshmu_jfjfou

Instagram preview gallery

Instagram’да ачуу
© 2026 | Instagram Preview


Кафедранын тарыхы иш жүзүндѳ 1939-жылдан башталат деп айтуу негиздүү. Анткени 1939-жылы Ош мугалимдер институту ачылганда андагы окуу мѳѳнѳтү 2 жыл болуп, курамында тарых-филология, физика-математика жана табият таануу-география факультеттери болгон. Бирок азыркы учурда ошондогу физика-математика факультетинде кайсы кафедралар болгондугу жѳнүндѳ маалыматтарды иликтеп издеп табуу иштери дурус натыйжа бербегендиктен, ушул факультетте «Физика» кафедрасы да сѳзсүз бар болгондугун факультеттин аталышына таянып болжолдой алабыз.

Ошол кафедранын жаш муундарды физикалык илим-билимге тартуу боюнча ишмердигинин жетишээрлик жемиштүү экендигин бир факт айгинелеп турат – Ош мугалимдер институтун 1944-жылы аяктаган физик бүтүрүүчүлѳрдүн арасында кийинчерээк белгилүү окумуштуулардын катарына кошулган физика-математика илимдеринин доктору, профессор Липманов Эммануил Моисеевич да бар болгон (соңку мезгилде ал АКШ мамлекетинде жашагандыгы жѳнүндѳ маалыматтар бар).

Половиков Ф. И.

Биздин кафедрабыздын тарыхы боюнча даректүү берилмелер түрдүү маалыматтык булактарда 1951-жылы педагог адистерди 4 жылдык мѳѳнѳттѳ даярдоочу Ош мамлекеттик педагогикалык институту (ОшПИ) ачылган мезгилден бери карай кыйла так белгиленип жазылып калган. Атап айтканда, «Физика» кафедрасын 1951-жылдан баштап доцент Половиков Федор Иосифович жетектеген. Ошол кезде кафедрада улук окутуучулар Мичиковский Б. А., Карымшаков Э., Шустров В. А., Джалалов М. С., Ахмедова С. Б. жана окутуучулар Вендрова К. Н., Черненко В. П., Сидляренко В. И., окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер Соколова Н. Т., Половикова А. И., Дядина В., Якубов М., Чуденков В., Брусникина З. И. эмгектенишкен.

Белгилеп коюучу жагдай – Половиков Ф. И. 1951-1953-жылдары физика-математика факультетинин деканы, ал эми 1953-1955-жылдары ОшПИнин ректору болуп иштеген.

Андан кийинки ѳткѳн 70 жылдан ашуун убакыт ичинде «Физика» кафедрасы кѳптѳгѳн ѳзгѳрүүлѳргѳ учурады – бир нече жолу кафедрадан башка кафедралардын бѳлүнүп чыгуусу жана кайра биригүүсү орун алды, анын аталышы эки ирет ѳзгѳрдү, ошондой эле албетте, кафедранын жамаатынын курамы жана аны жетектеген адистер да кѳп жолу алмашты, материалдык-техникалык базасы бир нече ирет жаңыланып, толукталды.

Айтсак, соңку 35-40 жылдай убакыт ичинде эле кафедранын курамында болгон ѳзгѳрүүлѳрдү тѳмѳнкү сүрѳттѳр учкай күбѳлѳндүрѳт.

1982-1991-жылдар

Алдыңкы катар: ортодо кафедра башчысы доцент Сидляренко В. И., анын оң жагында улук окутуучу Жузенова М. Б., эки четте окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер – сол жакта Касымова А., оң жакта

Сыдыкова Ш. М., Беспалова Т. С.

Арткы катарда: ар кыл жылдарда кафедраны жетектеген окутуучулар (оңдон солго 1-2-, 4- жана 6 -чы): улук окутуучу Черненко В. П., доценттер Дуйшонов Э., Аллахунов Б., Меңдибаев К. Р., оңдон 3-чү жана 5-чи – окутуучу Ѳмүрбеков М. жана окуу-кѳмѳкчү кызматкер жигит

ОшПИ, Башкы корпустун алдында

ОшМУ, Башкы корпус, №235-каана

1999-жыл

Отургандар (солдон оңго): Кафедра башчысы доцент Аллахунов Б., доцент Алтыбаева М. (МОУ кафедрасынын .башчысы),

окутуучу Сыдыкова Ш. М.,

доцент Папиев М.

Тургандар: сол четте окутуучу Аманбай у. А., солдон 4-5-чи: улук окутуучу Жуманова М. М. жана окутуучу Омаралиева З. И.,

оң четте: улук окутуучу Курбаналиев М. Б. Тургандардын арасында окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер жана коноктор бар.

2010-жыл

Сол жак (тѳрдѳн бери карай): Кафедра башчысы доцент Эгембердиев Ж., лаборатория башчысы Уметалиева Д.,

окутуучу Калбекова М. Ж., лаборант кыз (Самара), окутуучу Кожобекова П.,

улук лаборант Маматова Ш.,

Оң жак (тѳрдѳн бери карай):

доцент Халиуллин Р. Н., улук окутуучу Курбаналиев М. Б.,

доцент Жуманова М. М., окутуучу Сыдыкова Ш. М., улук окутуучу Омаралиева З. И., лаборанттар Жылчыева Г., Быймырзаева М.

ОшМУ, Башкы корпус, №238-каана

ОшМУ, Башкы корпус, №235-каана

2016-жыл

Отургандар: Кафедра башчысы доцент Омаралиева З. И., (ортодо), анын эки тарабында солдон оңго: доценттер Халиуллин Р. Н., Эгембердиев Ж., улук окутуучу Курбаналиев М. Б., улук окутуучулар Сыдыкова Ш. М., жана Эгемназарова А. Ж.,

доцент Жуманова М. М.

Тургандар, солдон оңго: окуу-кѳмѳкчү кызматкерлер Быймырзаева М., Дуйшобаева М., Молдоярова Ж. М., Закир к. Г.






































































Ал эми «Физика» кафедрасынан башка кафедралардын ѳсүп чыгуу жана кафедранын аталышынын ѳзгѳрүү процесстери тѳмѳнкүчѳ жүргѳн:

1965-жылы «Физика» кафедрасы «Жалпы физика» жана «Эксперименталдык жана теориялык физика» кафедраларына бѳлүнгѳн. 1978-жылы ушул эки кафедранын эсебинен дагы бир кафедра – «Физиканы окутуунун усулдугу жана окутуунун техникалык каражаттары» кафедрасы түзүлгѳн. 1995-жылы «Физиканы окутуунун усулдугу жана окутуунун техникалык каражаттары» кафедрасы жоюлган жана анын жамааты «Жалпы физика» кафедрасынын курамына кошулуп, кафедра «Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулдугу» (кыскача «Жалпы физика жана ФОУ») кафедрасы деп аталган. Аны ошол мезгилден тартып бүгүнгѳ чейин бир катар учурларда «Жалпы физика жана физиканы окутуунун методикасы» кафедрасы деп да атап келишет. 2003-жылы «Эксперименталдык жана теориялык физика» жана «Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулдугу» кафедраларынан «Техникалык дисциплиналар» кафедрасы бѳлүнүп чыгып, ал 2006-2009-жылдары «Технологиялык процесстер жана колдонмо физика» кафедрасы деген аталыш менен иш жүргүзгѳн. 2009-жылы «Технологиялык процесстер жана колдонмо физика» кафедрасы жоюлуп, анын жамаааты кайрадан «Жалпы физика жана ФОУ», «Эксперименталдык жана теориялык физика» кафедраларынын жамааттарынын курамына бириккен.

Адегенде «Физика» кафедрасы, 1995-жылдан тартып азыркы убакка чейин «Жалпы физика жана ФОУ» деп аталган ушул кафедрада анын башчысы болуп доцент Ф. И. Половиковдон кийин түрдүү жылдарда Кармышаков Э., Абдылдаев А., Черненко В. П., Луканцевер Ю. Л., Заитов Ф. Н., Койчуманов М., Текенов Ж., Сидляренко В. И., Дүйшенов Э., Исмаилов Ш., Меңдибаев К., Бабаев Д., Аллахунов Б.,

Эгембердиев Ж., Омаралиева З. И.,Жуманова М. М. үзүрлүү эмгектеништи. 2024-жылдын

май айынан баштап кафедраны Калбекова М.Ж. жетектейт.

Кафедра өз ишмердигинин алгачкы жылдарында физика-математика факультетинде жалпы физика, теориялык физика жана физиканы окутуунун усулдугу боюнча окутуу процессин, ошондой эле ОшПИнин башка факультеттеринде – физика предметин окутуу процессин толук тейлеп турган. «Эксперименталдык жана теориялык физика» ж. б. кафедралар пайда болгондон кийин, «Жалпы физика жана ФОУ» кафедрасы болочок физика мугалимдерине жалпы физика жана физиканы окутуунун усулдугу боюнча сабактардын ѳтүлүшүн, курстук, дипломдук иштердин аткарылышын, педагогикалык практиканын жүзѳгѳ ашырылышын, ОшПИнин (ОшМУнун) кээ бир факультеттеринде физика предметинин окутулушун замандын талабына ылайык камсыздап келген.

2006-жылдан бери карай кафедра Физика-техника факультетинин курамында жана ѳз функцияларын ОшМУнун омоктуу кафедраларынын бири катарында мурдагыдай эле татыктуу аткарып келатат.

Ош мугалимдер институту түзүлгѳн 1939-жылдан тартып 80 жылдан ашуун, ал эми Ош мамлекеттик педагогикалык институту ачылгандан бери карай ѳткөн 70 жылдын ичинде кафедранын жамааты өлкөбүздүн эл чарбасы үчүн көп миңдеген адистерди даярдоого катышты, кафедранын окуу-усулдук, материалдык-техникалык базаларын өнүктүрдү, мектеп менен байланышты үзбѳй, дайыма жетиштүү деңгээлде кармап келди.

Кафедрада илимий жана илимий-усулдук иштер да дайыма физика жана окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (физика) багыттары боюнча аткарылып, алардын натыйжалары түрдүү деңгээлдеги илимий жана илимий-практикалык конференцияларда, семинарларда талкууланып, илимий журналдарда жарыяланып турган. Кафедранын жамааты бир катар окуу, окуу-методикалык куралдарды жана колдонмолорду кыргыз жана орус тилдеринде иштеп чыгып, жарыкка чыгарган, бул окуулуктар Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларынын окутуу практикасында узак жылдар бою кеңири колдонулган, алардын айрымдары алиге чейин колдонулуп келе жатат.

Учурда кафедра университетибиздин күндүзгү жана сырттан окуу бѳлүмдѳрүндѳ 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «Физика» профили» боюнча бакалавриат, магистратура деңгээлдериндеги негизги билим берүүчүлүк программалардын жүзѳгѳ ашырылышын жана бир катар башка адистиктердин окуу программаларына кирген физика предметинин окутулушун камсыз кылат.