Кафедранын тарыхы
Кафедранын тарыхы иш жүзүндѳ 1939-жылдан башталат деп айтуу негиздүү. Анткени 1939-жылы Ош мугалимдер институту ачылганда андагы окуу мѳѳнѳтү 2 жыл болуп, курамында тарых-филология, физика-математика жана табият таануу-география факультеттери болгон. Бирок азыркы учурда ошондогу физика-математика факультетинде кайсы кафедралар болгондугу жѳнүндѳ маалыматтарды иликтеп издеп табуу иштери дурус натыйжа бербегендиктен, ушул факультетте «Физика» кафедрасы да сѳзсүз бар болгондугун факультеттин аталышына таянып болжолдой алабыз.