Институттун тарыхы
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту
Ош мугалимдер институту ачылып, алгачкы студенттерди кабыл алуу жүргүзүлгөн.
Ош мамлекеттик педагогикалык институту түзүлүп, табигый илимдер багытынын өнүгүүсүнө негиз салынган.
География багыты ачылып, окуу-тажрыйбалык жана агробиологиялык базаларды өнүктүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Жаңы имаратка көчүрүлүп, материалдык-техникалык база жана билим берүү инфраструктурасы кеңейтилген.
Айыл чарба багыттары жана колдонмо геодезия боюнча адистиктер ачылып, жаңы билим берүү багыттары өнүккөн.
Бакалавриат жана магистратура деңгээлдери киргизилип, туризм багытынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулган.
Ветеринария жана агрономия багыттары өнүктүрүлүп, адистерди даярдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.
Институттун азыркы заманбап түзүмү калыптанып, табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар багыттары бириктирилген.
Түзүмдүк өзгөрүүлөр
1990–1992-жылдар — География факультети
2002–2009-жылдар — География жана жаратылышты пайдалануу факультети
2005–2008-жылдар — Химия жана фармацевтика факультети
Институттун жетекчилиги
2019-жылдан бери институтту профессор Низамиев Абдурашид Гумарович жетектеп келет.











