2024-жылдын 31-октябрь күнү ОшМУнун табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын алдындагы “Толеранттуулук жана коопсуз билим берүү чөйрөсү” борборуна борбордун түптөлүүсүнө финансылык колдоо көрсөткөн К.Аденауэр атындагы фондунун (Евросоюз) өкүлдөрү Игорь Брижатый, Анжелика Вайнгарт жана “Биом” Экологиялык Кыймылынын (Бишкек) өкүлдөрү Владимир Коротенко, Айнура Осмоналиева, Асель Дунганаева, Асель Юсуповалардын катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө борбордун абалы, максаттуу пайдаланылуусу, коопсуз билим берүү чөйрөсү дисциплинасынын окутулуу абалы ж.б. маселелер каралды. Келечекте борбордун ишмердүүлүгү боюнча долбоордун ишин улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.



