Field training practice
Практика - келечек үчүн алгачкы кадам! Практика - первый шаг в будущее!

2024-жылдын 10-февраль күнүндө факультетибизде "Практика - келечек үчүн алгачкы кадам!" аталыштагы педагогикалык, окуу-талаа, өндүрүштүк практика боюнча иш чара болуп өттү. Иш чарага факультеттин деканы, НББПнын жетекчилери, кафедра башчылары, профессордук-окутуучулук курамдар, студенттер катышышты. Э.Ш.Буранов педагогикалык практика боюнча маалымат берип, иш чараны ачып берди. О.Маматкулов окутуунун натыйжаларына жетуу учун компетенцияларды калыптандырууда окуу-талаа практикаларынын орду боюнча кафедрадагы окуу-талаа практикаларга билдируу жасады.
Иш чаранын сонунда катышуучулар үчүн кофе брейк уюштурулду.       
“Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы” предмети боюнча 1-курстар, ал эми “өсүмдүктөрдүн систематикасы” предмети боюнча 2-курстар үчүн окуу-талаа практикалары атайын түзүлгөн келишимдердин негизинде өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактарда уюштурулат. Биология профилинин 1-2-курстарынын студенттери 2024-жылдын 13-16-май күндөрүндө Кара-Кой мамлекеттик жаратылыш паркында окуу-талаа практикасында болушту.