Англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын доценти, к.ф.н., СУРКЕЕВА ДИНАРА БЕКМАМАТОВНА Казакстан мамлекетинин Астана шаарындагы Бобек улуттук ассоцияциясы тарабынан уюштурулган "I Международное книжное издание" проектинин "Мыкты макала-2024" конкурсунда 1-даражадагы ДИПЛОМГО ээ болду (медаль, диплом, удостоверение). 2.Астана шаарындагы Назарбаев университетинин “Effective Integration of Artificial Intelligence (AI) and EdTech Digital Technologies in Education, Language Teaching and Scientific Research” аттуу 72 сааттык илимий-методикалык семинар-треннингге катышып сертификат алды. Суркеева Динара Бекмаматовнаны алган медал, диплом жана сертификатты менен куттуктайбыз! Илимий ийигиликтерди жарата бериңиз.