Карьера бөлүмү

Араван райондук балдардын англис тили чыгармачылык борборунда райондун бардык мектептеринен келген стейкхолдерлер менен жолугушуу

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин карьера бөлүмү 2022-жылдын 10-январь күнү Араван райондук балдардын англис тили чыгармачылык борборунда райондун бардык мектептеринен келген мектеп окутуучулары жана стейкхолдерлер менен жолугушуу өткөрүп кайтты.

Иш чаранын алкагында окуучуларга ДТМФнын карьера бөлүмүнүн башчысы Н.Ж. Эрмекбаева Ош мамлекеттик университети, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз сүйлөп, анкетирлөө жүргүзүп, жолугушуунун аягында Ош мамлекеттик университети тарабынын даярдалган видео-баян көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуутучулары үчүн интерактивдүү оюндар уюштурулуп, суроо-жооптор, пикир алмашуулар орун алды. Ошондой эле окуутуучуларга университеттин бардык адистиктери боюнча маалыматтар камтылган буклеттер таркатылып берилди.

Бул жолугушууну уюштуруунун негизги максаты дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги студенттерди компетентүүлук мамиледе даярдоонун сапатын жогорулатуу, иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланыщты чыңдоо жана иш берүүчүлөрдү билим берүүнүн сапатын баалоо процессине тартуу болду.

Аталган иш чара факультеттин карьера бөлүмүнүн башчысы Н. Эрмекбаева тарабынан уюштурулду.

     


Ата-эне+Студент+Окутуучу үч бурчтугу

24.11.2018-жылдын 24-ноябрь күнү ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин “Филологиялык билим берүү” бакалавр багытынын кызыктар тараптары болгон ата-энелер, профессордук окутуучулук курам жана 3-курстун студенттери менен биргеликте кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга келген ата-энелер бул программаны тейлеген “Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы” кафедрасынын окутуучулары тарабынан даярдалган презентациялары, Кыргызстандагы окуу жайлардын флагманы болгон ОшМУ жөнүндө видеороликти көрүп, ушул окуу жайда окуган уул-кыздарынын окуудагы жетишүүсү, студенттик жашоосу менен жакындан таанышты. Жыйында ДТМФнын деканы, ф.и.к.,доцент С.Ш.Калыгулова ачып берди. Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башчысы, доцент,А.Акматова “Филолгиялык билим берүү” багыты боюнча слайддын жардамында программанын максаттары, милдеттери, ар түрдүү иш аракеттери жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал эми студенттердин сандык күрсүткүчү , окуудагы абсолюттук жана сапаттык жетишкендиктери жөнүндөгү үч жылдык маалыматты кафедранын окутуучусу Ч.М.Аспердиева баяндады.Ошондой эле студенттер тарабынан англис тилинде даярдалган студенттердин ички жана сырткы мобилдүүлүгү, келечектеги англис тили мугалими аттуу презинтациялар жана концерттик программа ата-энелердин купулуна жагып, факультетин профессордук-окуттучулук курамына терең ыраазычылыгын билдирди. Ал эми мыкты окуган активдүү студенердин ата-энелери”Ыраазычылык кат” менен сыйланды. Ата-энеледин сунуш-пикирин эске алып, окуу процессти дагы да жакшыртуу максатында анкетирлөө уюштурулду. Жыйынтыгында, факультеттин деканы, ф.и.к., доцент С.Ш.Калыгулова белгилеп кеткендей Ата-эне+Студент+Окутуучу үч бурчтугу тыгыз байланышта иш алып барып мыкты жыйынтыкка жетип, мыкты кадр даярдоого үч тарап макулдашышты.


Дуйнолук тилдер жана маданият факультетинде ар жыл сайын кышкы лагерь уюштурулат

Дуйнолук тилдер жана маданият факультетинде жогорку квалификациялуу профессорлор жана окутуучулар эмгектенет жана факультет студенттерге инновациялык билим берүү максатын көздөйт жана азыркы учурда студенттерди окутууда Европа мамлекеттеринин жогорку билим берүү системасына ылайык окутуу процессин жаңылоо жолунда. Билим берүү программасы Болон процессинин идеологиясына жараша өнүктүрүлөт жана билим берүүдөгү реформа азыркы коомдун керектөөсүнө жараша багыт алган.

Факультеттин материалдык-техникалык жана окуу-усулдук жактан талаптагыдай жабдылышы профессордук-окутуучулук курам үчүн лингвистиканын жана котормонун акыркы жетишкендиктери менен кабардар болууга шарт түзүү менен окутуунун инновациялык усулдарын сабактарда колдонууга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берүүдө.

Андан тышкары дуйнолук тилдер жана маданият факультетинде Карьера болуму тарабынан факультетке тапшырууну каалаган мектеп окуучулары жана иш беруучулор ортосунда алгылыктуу иш-чаралар откорулуп турат.

Ар жылы факультетти профориентациялоо максатында “Кышкы лагерь”, откорулуп, анда ОшМУ жана факультет жонундо кенири маалыматтар берилип, факультетке тапшыра турган мектеп бутууруучулоруно туура кесипти тандоого туура багыт берилуудо .


“ Бүтүрүүчү бүгүн жана эртен” деген темада жолугушуу

Бүгүн 12-декабрь 2019-жылы дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин орто кесиптик билим берүү программасы боюнча “Котормо иши” адистигинин окутуучулары, студенттери, ата энелер жана Форум -англис тили мугалимдеринин Ассоциациясынын, Ош жаштары Уюмунун, Америка бурчунун, Перспектив тил борборунун, Билим-баары үчүн фондунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргеликте “ Студент бүгүн жана эртең” деген темада жолугушуу уюштурду. Жолугушууга колледждин студенттери, ата-энелер жана жумуш берүүчүлөр катышышты. Анда орто кесиптик билим берүү программасы, андан күтүлүүчү натыйжалар жана калыптануучу компетенциялар талкууга алынып, стейкхолдерлер тарабынан сунуштар айтылды. Аягында стейкхолдерлерге жана ата-энелерге сурамжылоо жүргүзүлдү.