
Мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында, атайын чакыруунун негизинде 2025-жылдын 16-апрелинде медициналык колледжинин Терапиялык дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясынын төрайымы Мамытова Гуля Асылбековна Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Кызыл-Кыя медициналык колледжинде “Эндокриндик системанын оорулары. Кант диабети” темасында конок лекция өттү.

Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында 2023 - 2024 -окуу жылдын күзгү семестринде Наманган шаарында жайгашкан Чартак медициналык техникумунда 20-ноябрдан 25-ноябрга чейинки мөөнөткө медициналык колледжинин “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын окутуучулары Сардалова Элгиза Абдумуктаровна, Исматиллаева Сажира Ураимовна жана медициналык айым иши адистигинин студенттери Абдуназарова Фериде, Талантбекова Аяна, Ырысбаева Орунгүл, Жаныбекова Аселя, Нишанбай кызы Гүлжамалдар тажрыйба алмашып келишти.

2022-жылдын 18-июнунда Жалал-Абад медициналык колледжинде Кыргызстан медициналык колледждер ассоциациясынын 2022-жылдын 16-июнундагы №8 буйругунун негизинде Республикадагы медициналык колледждердин «Медайымдык иши» адистиктеринин акыркы курсунун студенттеринин катышуусунда онлайн олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданы Кыргыз Республикасынын медициналык колледждер ассоциациясынын президенти Станбаев Өзгөнбай Тилебаевич ачты. Төмөнкү комиссия түзүлдү: Комиссиянын төрагасы - Жалал-Абад облустук медициналык маалымат борборунун директору Чодуева Гүлбара Чирмашевна, Олимпиаданын жүрүшүнө ЖАООБдун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башкы медайымы Кебекбаева Анаркүл Исабаевна жана ЖАООБдун неврология бөлүмүнүн башкы медайымы, олимпиаданын жүрүшүнө башынан аягына чейин көз салып турду. Олимпиадага республиканын 18 медициналык колледжинин студенттери катышты. Жыйынтыгында Бишкек медициналык колледжинин студенти Бекматова Альбина Борисовна 84 упай менен 1-орунга, Н.И.Пирогов атындагы медициналык колледжинин студенти Ахметова Сауле жана Талас медициналык колледжинин студенти Темирбекова Жанара Эркинбековна 74 упай менен 2-орунга ээ болушту. Ош МУнун алдындагы Медициналык колледжинин студенти Мойдунова Чолпонай Абдимиталиповна 72 упай менен 3-орунду ээледи. Олимпиаданы жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы жеңүүчүлөрдү дипломдор жана акчалай сыйлыктар, ал эми Жалал-Абад медициналык колледжи Ардак грамота менен сыйланышты.

2021-жылдын 29-октябрында Ош МУнун Медициналык колледжинин окутуучулары Өзбекстан Республикасынын Пахта-Абад шаарында жайгашкан медициналык техникуму менен академиялык мобилдуулук программаларын ишке ашыруу максатында келишим түзүштү. 2023 жылдын 27-апрелинде академиялык мобилдүүлүк боюнча Өзбекстан Республикасынын Жиззак областынан Галляарал медициналык колледжинен Таджибаева Бахринисо Хайруллаевна Ош МУнун медициналык колледжинин сестралык иши адистигинде окуган студенттерге “Витаминдүү тамак-аштарды жана косметикалык каражаттарды даярдоо” темасында мастер класс өтүп берди.













