Воспитательной работе
24-МАРТ - БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ. 2023-жылдын 20-мартында Ош МУнун медициналык колледжинин 1-курс жана 2-курсунун студенттерине "Терапиялык дисциплиналар" ПЦКсынын окутуучулары «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай» коомунун Ош областтык филиалынан келген ыктыярчы менен биргеликте «Кургак учуктун алдын алуу» деген темада маалымат лекция өтүп беришти. Студенттерде аябай кызыгуу жаралып, суроо берип, жооп алышты. Катышуучуларга “Кургак учуктун алдын алуу” боюнча эстеткичтер таратылды.


1-ДЕКАБРЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДге КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ. Бул күнгө карата “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын окутуучулары Э.Ураимова, Ч.Амирова, Н.Ажимаматова А.Машрабовалар мыкты деңгээлде иш-чара уюштурушту. Иш-чарага Ош областтык СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Моторов Улукбек Төлөмүшевич жана Ош МУнун аялдар кеңешинин төрайымы Сейитказыева Гулнара Имамалиевналар конокко келишти. Иш-чараны медициналык колледжинин директору м.и.к., доцент З.С.Арынов ачып берди. Андан кийин 1-курстар арасында 4 команда КВНге катышты. Аягында сыйлоо баракчалары берилди. Иш-чара учурунда вирусту аныктоо максатында экспресс тест жүргүзүлүп, жыйынтыгы 20 минутада билинди. Директор, окутуучулар, студенттер тесттен өтүштү. Бул дата жыл сайын бүткүл дүйнө коомчулугун бул айыккыс дартты эстеп гана койбостон, ансыз деле бул оорунун алып жүрүүчүлөрүнө сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырат. Иммундук жетишсиздик вирусун 1983-жылы Франциядагы Пастер институтунун жана АКШнын Улуттук онкология институтунун лабораторияларынын окумуштуулары өз алдынча ачышкан. Ретровирус алган иммундук жетишсиздик синдрому (СПИД) менен ооруган бейтаптардын ткандарынан бөлүнүп алынган. Кыргызстанда СПИД менен ооругандардын саны канча? 2021-жылдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 9,2 миң адам катталса, 2022-жылдын аягына карата 12 000 адам катталган. Жаңы учурлардын 40%га жакыны кеч стадиясында, бейтаптарда иммундук жетишсиздик пайда болгон жана медициналык жардам тез жакшырууну камсыз кыла албаган учурда аныкталат. Чыгыш Европа менен Борбордук Азияда ВИЧтин дүйнөдөгү эң тез өсүп жаткан эпидемиясы байкалууда. Бул аймакта 2021-жылы 160 000 адам ВИЧке чалдыккан.


НООРУЗ – ЖАЗ АЛЫП КЕЛГЕН “ЖАҢЫ КҮН” МАЙРАМЫ. “Терапиялык дисциплиналар” ПЦК сы «Мээрим» ресторанында кесиптештерге майрамдык маанай тартуулашты. Дасторкон улуттук тамактар менен толтурулуп, оюн-зооктор уюштурулуп, жогорку денгээлде өттү.


КУРАТОРДУК ГРУППАДАГЫ СТУДЕНТТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН №6 ЖАТАКАНАДАГЫ КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ГРАФИГИ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН КУРАТОРЛОРУ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ