Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
531600 – «Регион таануу» магистратура программасы
Программанын негизги илимий багыты — чет өлкөлөрдүн региондук изилдөөлөрү: Чыгыш Азиядагы интеграциялык процесстер жана алардын социалдык-саясий аспектилери. Бирдиктүү дүйнөлүк тартип түзүлүп жаткан шартта региондорго болгон кызыгуу, айрыкча Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү темпин эске алуу менен, кескин өстү. Глобалдык өнүгүүнү түшүнүүнүн мындай тенденциясы чет өлкөлүк регион таануу багытындагы изилдөөлөрдүн актуалдуулугун арттырат.
Программада илимий-изилдөө ишин пландаштыруу системасы иштейт. Жыл сайын программанын илимий-практикалык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын камтыган изилдөө планы түзүлүп, бекитилет.
Программадан алкагындагы илимий ишмердүүлүк эки багытта жүргүзүлөт:
- программаны окуткан окутуучулардын илимий ишин уюштуруу;
- магистранттардын илимий ишмердүүлүгүн уюштуруу.
Программанын илимий ишмердүүлүгү төмөнкү тема боюнча жүргүзүлөт: «Дүйнө өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн региондук аспектилери».
Ушул теманын алкагындагы илимий иштер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- илимий конференцияларды өткөрүү жана тезистер жыйнагын жарыялоо;
- окуу китептерин, окуу колдонмолорун жана монографияларды даярдоо жана басып чыгаруу;
- индексТелген журналдарда жана жыйнактарда илимий макалаларды даярдоо жана жарыялоо;
- Ош мамлекеттик университети, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү алдыңкы университеттер, илимий мекемелер тарабынан өткөрүлгөн илимий семинарлар менен конференцияларга окутуучулардын катышуусу;
- магистранттардын университеттик, региондук жана эл аралык конференцияларга, конкурстарга жана олимпиадаларга катышуусу;
- магистрдик бүтүрүү иштерин жетектөө.
531600 – «Регион таануу» магистратура программасынын окутуучулары улуттук жана эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларға, семинарларга жана симпозиумдарга активдүү катышышат. Алардын илимий эмгектеринин жыйынтыктары индексТелген журналдарда жана жыйнактарда жарыяланат.
Программа республикалык бюджеттен каржыланган максаттуу долбоорлордун алкагында мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышат. 2021-жылы программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин каржылоосунда «Кыргызстандагы диний жамааттын күнүмдүк жашоосундагы өзүн-өзү идентификациялоо процесстери: механизмдери, принциптери жана ыкмалары» аттуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Долбоор жетекчиси — ф.и.к., доцент Сулайманов Ж.М. Долбоор катышуучулары — ф.и.к., доцент Акматова Д.А.; ф.и.к., доцент Султанова К.Ж.
Изилдөөнүн максаты — диний жамааттын заманбап социалдык реалдуулукта, күнүмдүк жашоодо, ар кандай турмуштук кырдаалдарда динди кантип кабыл алары жана түшүнө алары жөнүндө илимий негизде көрсөтүү.
Программа магистранттардын бүтүрүү иштерине илимий жетекчилик кылат. Бүтүрүү ишинин темалары программанынын илимий багытына ылайык аныкталып, расмий түрдө бекитилет.











