Новости Архив

Жетекчилер менен студенттердин жолугушуусу
            Ректор лидер студенттер менен жолугушту
      ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 19- октябрь күнү бардык факультеттин лидер студенттери менен жолугушуп, алдыдагы максаттарды, пландарды талкуулады. Ректор өз сөзүндө, “Биз бир гана шаар ичинде эмес, Кыргызстандын деңгээлинде жаңылык жаратып жатабыз. Алсак, окуу корпустарыбыздын баарын дээрлик капиталдык ремонттон өткөрүүгө жетиштик, техникалык базаны чыңдоо, анын ичинде жаңы моделдеги компьютерлер менен жабдууда Кыргызстан боюнча алдыдабыз десем жаңылышпайм. Ошондой эле, алдыда эл аралык байланышты чыңдап, университетибиздин кадыр – баркын көтөрүү үчүн бүт күч аракетибизди жумшайбыз” деп баса белгиледи. Жолугушуунун максаты университетте болуп жаткан жаңылыктарды студенттерге тикеден – тике жеткирүү, кабардар кылуу. Ошондой эле лидер студенттерден жаңы идеяларды, проблемаларды угуу болду.