2023-2024
2023-жылдын 25-декабрыда окуу-таанышуу практикадан кайтып келген студенттер үчүн конференция уюштурулду. Конференцияга бөлүм башчы, цикл башчы жана окутуучулар катышышты.
Студенттер эки жумага чыккандыгына карабастан көптөгөн жетишкендиктерге жетишип, көп маалымат топтогондугу көрүнүп турду. Ар бир тайпадан бирден студент презентация даярдап, окуп беришти. Ошондой эле теориялык алган билимдерин практикада колдонушканын көрүнүп турду. Студенттерге ийгилик каалап семинарды жыйынтыктадык.