ЖАНЫЛЫКТАР
Жумуш беруучулор менен жолугушуу

2024-жылдын 8-февралында STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бɵлүмүнүн Ветеринария адистигинин жумуш берүүчүлɵрү менен ачык талкуу болду. Ачык талкууга жумуш берүүчүлɵр ветеринар, фермер Халяпов Тарбиз, STEM инновациялык колледжинин бүтүрүүчүсү, иш берүүчү Уразбаев Максат болду, STEM инновациялык колледжинин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна баштаган жамаат, окутуучулар катышты. Жолугушууда иш берүүчү Уразбаев Максат Кызыл-Кыя ветеринардык клиникасын ачкандыгын, бүгүнкү күндɵ клиникада жылкыларга, койлордун мээсине операция жасалып жаткандыгын айтып клиниканын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. STEM инновациялык колледжинин программа жетекчиси окутуучу Халмурзаев Абдурашит ветеринария адистиги боюнча колледжде мыкты ветеринардык фельшерлерди даярдоо үчүн студенттерге кɵбүнчɵ практикалык сабактарга басым жасап, атайын апараттарды колдонуу менен сабакты ɵтүлүүсүн жана аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Жолугушууда адистиктин окуу программасы менен таанышып ɵз ойлорун айтышты.


Конок лекция

Конок лекция. 2023-жылдын 2-февраль күнү STEM инновациялык колледжинин Ветеринария адистигинин студенттери үчүн "Достук" бажы кызматынын ветеринардык бөлүмүнүн башкы инспектору Абдыгапар уулу Алимбек "Бажы кызматындагы ветеринардык иш чаралар" деген темада сабак өтүп берди. Студенттер кызыккан суроолорун беришип, жооп алышты.