ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Камалов Тагайбек

АССТ кафедрасы тарабынан МИТ факультетинин ПОВТАС, АСОИУ, ПИ адистиктеринин студенттерине олимпиада өткөрүлдү. Жыйынтыгында ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Камалов Тагайбек 1-орунду, ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Жыргалбек уулу Кутманали 2-орунду, ушул эле тайпанын студенти Клинцов Михаил 3-орунду багындырышты. Биринчи , экинчи, үчүнчү байгелүү орундарга АССТ кафедрасы жумуш берүүчүлөр менен меморандумга кол кою аземинде жетишилген сертификаттар илим жумалыгынын жабылышында тапшырылды. Тагыраак айтканда "ITadis" окуу борбору тарабынан 70000, 40000, 30000 сомдук сертификаттар тапшырылды.