Профессордук окутуучулук курам
Сапатты камсыздоо саясатынын эң негизги компоненттеринен бири, профессордук-окутуучулук курамдын компетенттүүлүк ишмердигин жакшыртуу болуп эсептелет. Бул нерсе билим берүү жараянын жакшыртууга өбөлгө болуучу, окутуучунун ишмердигин эффективдүү жана берилген билимдин сапаттуу болуусун камсыздайт. Мунун үчүн окутуучулар өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө шыктандыруу үчүн алардын окуу-методикалык, илимий жана коомдук иштердеги активдүүлүктөрүнө карап сыйлыктарга көрсөтүлөт. Окутуучулар жыл сайын “Мугалимдер күнүнө”, “Жаңы жылга” ж.б. маанилүү окуяларга карата сыйлыктарга көрсөтүлүп келет. Буга чейин окутуучулар Билим берүү министрлигинин ардак грамотасы, КРнын Жогорку кеңешынын ардак грамотасы, ОшМУнун ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, Ош областтык ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланып келишкен. Бул сыйлыктардан сырткары Арипов Ниязалы КРнын Жогорку кеңешинин ардак грамотасы ЭлFM телерадиосунун Ардак грамотасы, Жусубалиев Али Кыргыз Республикасынын Борбордук профсоюз комитетинин Ардак грамотасы, ошондой эле «Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы» аттуу китеби ОшМУда Мыкты окуу-усулдук колдонмо 1-даражадыгы диплому менен сыйланышты. Окутуучулардын ишмердигин баалоо боюнча алынган анкеталардын жыйынтыгы боюнча методикалык жактан начар баа алган окутуучуну методикалык семинарларга жибердик. Теология факультетинин дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын професордук-окутуучулук курамынын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү төмөндөгүчө № Кызматтык орундардын аталышы жана илимий наамдар 2019-2020 2020-2021 2021-2022 2022-2023 2023-2024 1 Илимдин кандидаты, доцент 2 1 1 1 1 2 (PhD), доцент 5 5 5 6 7 3 (PhD), ага окутуучу 1 1 1 1 1 4 (PhD), окутуучу 1 1 1 3 2 5 Окутуучу 3 5 5 2 2 6. Волентор-окутуучу (Чет элдик) 2 2 2 2 2 Жалпы: 14 15 15 15 15 Сапаттык көрсөткүч 64% 53% 53% 73% 75% Факультетте окутуучулар ар бири өз предметтери боюнча сабактарды окутушат. Профессордук окутуучулук курамдын ишмердигин жакшыртуу багытында ар окуу жылдын аягында ар бир окутуучунун окуткан предмети боюнча жыйыктыктоочу текшерүүнүн алдында студенттерге купуя анкетирлөө жүргүзүлөт. Мунун жыйынтыгында студенттер тарабынан сындалган окутуучуларга эскертүүлөр берилет. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн окутуучулардын сапаттуулугун камсыздоо факультетте негизги милдет болуп саналат. Тиешелүү окутуучулар квалификациясын жогорулатат. Окутуучулар Түркия мамлекетинин бир топ университеттерине Мавляна жана «Эрасмус+» программаларынын алкагында тажрыйба алмашуу максатында барып келишет. Ар түрдүү республикалык, эл аралык деңгээлдеги симпозиум, конференцияларга жана семинарларга катышышат. Албетте бул иш чаралар окутуучунун сапаттуулугун арттыруу менен бирге студенттерге да сапатту билим берүүнү камсыздайт. Кафедраньн окутуучусу Ө. Зууридинов Анкара университетинин гуманитардык илимдер институтунда PhD докторантурасын аяктап, ”Манас эпосунда ыйыктар жана ыйыктык түшүнүгү” деген темадагы диссертациясынын аяктап ийгиликтүү коргоду. Окутуучу А. Абдуганиев «Закария Кандахлавинин Фадаилул Амал китеби жана коомдук таасири (таблиг жамааты мисалында)» темасында доктордук илимий изилдөөсүн аяктап ийгиликтүү коргоду жана бардыгы теология багытынды PhD доктор деген наамга ээ болушту. Кафедраньн окутуучусу С. Тажибаев ОшМУнун Тарых жана чыгыш таануу факультетинин магистратура бөлүмүндө “Чыгыш таануу жана африка таануу адистиги” боюнча «Түндүк Африка өлкөлөрү мисалында арап жаздары» аттуу изилдөөсүн аяктап магистр квалификациясына ээ болду.