Аткарылган иш чаралар

Ednet агенттигинин сунуштарына ылайыкББПда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн 531600 Теология “Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын (бакалавр) 2023-2025-жылдарга карата иш пла нынын кыскача тексттик отчету

1.«Теология жана дин таануу экспертизасы»предметинин ББПда негизги предметтердин катарына кошууну талкууло.

25.04.2023. Факультетин окумуштуулар кеңеши «Теология жана дин таануу экспертизасы» предметин ББПна негизги предметтердин катарына кошууну талкуулап, бир чечим менен аталган предмет профессионалдык циклге киргизилди.

2. Бүтүрүүчүлөрдүн профессионалдык ишмердүүлүгүндө туш келген араб тилине байланыштуу кыйынчылыктарды алдын алуу максатында аталган предметке таандык окуу планын кызыктар тараптар менен талкуулоо үчүн тегерек столдорду уюштуруу.

04.06.2023. ОшМУнун теология факультетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында араб тили сабагы боюнча "Теология факультетинде араб тили тилинин азыркы абалы жана келечеги" деген темада тегерек стол уюштурулду. Иш чарага теология факультетинин деканы З. Ажимаматов, Түркия мамлекетинден келген конок окутуучулар, теология факультетинин окутуучулары жана жалпы студенттер катышты. Алгач сөздү теология факультетинин деканы З. Ажимаматов баштап: араб тили сабагы теология факультетинин эң негизги кесиптик предметтеринен бири экендиги жана бул иш чаранын бирден бир максаты теология факультетинде араб тили сабагынын сапатын жогорулатуу экендигин баса белгиледи. Андан кийин кезеги менен ар бир окутуучу жана иш чарага катышкан студенттер сөз сүйлөп өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, араб тилин өркүндөтүү боюнча сунуштарды беришти. Тегерек столдун аягында жыйынтыктоочу жалпы талкуу болуп мындан ары араб тилин окутуу программасын дагы да жакшыртуу үчүн бир топ чечимдер кабыл алынды.

Булак:

https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid0SGg6WZaHDapBeESsCnq3uZLDZCdoEY3UmvQzm4KND3A5Qa1ffh7G8C3XWQwmujEXl

3.ББПнын натыйжаларына жетишүү үчүн эсепти жана контролду киргизүү жана аралыктык жана жыйынтыктоочу баалоо системаларын жакшыртуу максатында ОПК менен билим берүү технологияларын талкуулоо жана студенттерден анкеталык сурамжылоо алуу.

26.12.2024, 27.12.2024, 28.12.2024. күндөрү теология факультетинин волонтер окутуучусу жана Диянет фондунун түштүк аймагындагы өкүлү доцент Хилми Караач, студенттердин билим берүү технологиялары жана аралыктык жана жыйынтыктоочу баалоо системаларынбаалоо максатында студенттерден анкета алды. Анкета «Студенттердин факультеттин технологиялык шарттары боюнча көз карашы», «Көмөкчү персоналдарга карата көз караштары» жана «Окуу жараяны жана окутуучуларга карата көз караштары» деген үч бөлүмдөн турган сурамжылоонун негезинде алынды.

4. ББПнын стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө тышкы жана ички кызыкдар тараптарга үзгүлтүксүз маалымат берип туруу максатында кызыктар тараптар менен жолугушуу жана талкуу өткөрүү.

02.10.2024. Теология факультетинин бүтүрүүчүсү жана муфтияттын аалымдар кеңешинин мүчөсү, теология илимдеринин доктору (PhD), доцент Самаган Мырзаибраимов Теология факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүп, факультеттин ББПнын стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө студенттер менен маектешти.

Булак: https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid02h2t2o2A6MwjMSwizTMzGm4cdPFJRejVGfAy5sT5AmG6cPQd2JTr6r6k57AR6H6Fwl

13.11.2024. Теология факультетинин конференция залында бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында орто мектепте окутулуп жаткан «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы жана «Теолог» фондун кайрадан жандандыруу маселелери көтөрүлдү.

Жыйынтыгында жогорудагы маселелер оң жагынан чечилип, алдыдагы аткарыла турчу пландар коюлуп, алгылыктуу иштер жүргүзүлө турган болду.

Булак: https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid05JHuQ1hPCUcJmpG5abtwwZq3ps6aoiUUfrhUNYB9XiWQL9UoTPNAj7bPGPppmJnul

5. Билим берүү ишмердүүлүгүндө кызыкдар тараптардын (иш берүүчүлөрдүн) арасынан атайын адистерди тандоо, алардын тажрыйбасын жана сунуш талаптарын аныктоо максатында конференция уюштуруу.

30.11.2024. “Сулайман-тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, социология илимдеринин кандидаты Хайрулло Ибайдуллаев теология факультетинин студенттерине “Музей тармагы менен теология багытынын байланышы” аттуу семинар өтүп берди. Хайрулло Хабибуллаевич Сулайман-тоодогу диний ишенимдерге байланыштуу феномендерди теологиялык багыт менен коомчулукка түшүндүрүүнүн маанилүүлүгүн жана бул жаатта алдыда теологдорду чоң жоопкерчиликтер күтүп жатканын белгиледи. Семинардын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп жана түшүндүрмө алды. Семинардын аягында Хайрулло Хабибуллаевичке факультеттин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

ОшМунун теология факультети “Сулайман-тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси менен кызматташып келет. “Сулайман-тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси теология факультети үчүн иш берүүчү жана факультеттин студенттери практика өтөөчү мекеме болуп эсептелет.

Булак: https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid0vmtyyK7V2zgzcEbJ5ZgsfeGwFtAo8CU44aCRQov2Qx9BmRCRM2b1NMxJkjzF5Ym4l

6.Студенттерге маданият жана кеп (риторика) боюнча жазуу (орфография) жана оозеки түрдө иштөө, документтердин терминологиясы боюнча терең маалымат берүү максатындакыргыз тили жана орус тили предметтеринин ОМК жана силлабустарын талкуулоо жана ачык сабак өткөрүү.

02.12.2023. Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын башчысы м.а. PhD Абдуганиев Асилбек жана кафедранын усулдук кеңешинин төрагасы Тажибаев Санжарбек, студенттердин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүсү үчүн кыргыз тили жана орус тили предметтеринин окутуучулары Жумабаева Динара жана Оморова Нургул менен жолугуп, аталган предметтердин ОМК жана силлабустарын талкуулашты. Айрыкча эки предмет боюнча өтүлө турган ачык сабактар декабрь айындагы иш-чаралардын катарына киргизилди.

Булак: https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid02Rky7UykKRofLbVozHAhf2VE9LQTMYEjAVtkznkkWvNUJ1e9jK498iMkueRJFgtt3l

15.01.2024. Студенттердин иш-кагаздарын мамлекттик тилде туура жүргүзүүсү жана иш кагаздарында көп колдонулган терминдердин түшүндүрмөсү боюнча маалыматтарын жогорулатуу максатында Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын январь айындагы кезектеги иш-чарасы катары кыргыз тили предметинен ачык саат уюштурулду.

Иш-чарада кыргыз тили предметинин окутуучусу Динара Жумабаеванын окуу программасына жана ишмердүүлүгүнө оң баа берилип, аталган предметтин максатка ылайык өтүлүп жаткандыгы көрүлдү.

Булак: https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid0LdvBiwmVhH5jJ4RdRhqT1GkjMHxVge5MUJtmpXkCFaqMZQKpyV4bHcEBCN2BmKXyl

7.ББПнын натыйжаларына жетишүү үчүн эсепти жана контролду киргизүү жана БППнын натыйжалуулугу үчүн окутуучулук курамдын ортосундагы мамилелерди түзүү максатынын алкагында факультеттин ОПК менен бүтүрүүчү курстардын дипломдук иштеринин темаларын талкуулап, сунуштардын негизинде бекитүү.

02.12.2024. "Дин таануу жана гуманитардык предметтер кафедрасынын кеңешмесинде кафедранын мүчөлөрү бүтүрүүчү курстардын дипломдук иштеринин темаларын талкуулап, сунуштардын негизинде бекитүүгө сунушташты.

Булак: https://www.facebook.com/oshsu.teofak.kg/posts/pfbid0aC1f9kMG6rvJjBvgvD32Hiv3CtGUM2KpVW8cn3KfYq623ZCRaz2pJoMfMKTwQxoHl