Жаңылыктар

ТАЗА ЭКОЛОГИЯ, ТАЗА ЧӨЙРӨ

2024-жыл, 17-апрель күнү Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Президенттин жарлыгына ылайык экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо максатында ар бир мекеме уюм тарабынан өткөрүлө турган иш-чараны "ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР" ПЦКнын окутуучулары "ТАЗА ЭКОЛОГИЯ, ТАЗА ЧӨЙРӨ" аталышындагы иш-чара өткөрдү. Мыкты видео ролик, мыкты дубал гезит конкурстары уюштурулду. Концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага салым кошкон окутуучуларга, студенттерге ыраазычылык билдиребиз.


АЧЫК САБАК

2024-жыл, 8-апрель күнү «ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын башчысы х.и.к. М.О.Сатиев фармация адистигинин ФР11-9-23, ФР11-10-23 тайпаларына «АНАЛИЗДӨӨНҮН КӨЛӨМДҮК МЕТОДУ. ТИТРИМЕТРИЯ» деген темада ачык сабак өттү.


АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

2024-жыл, 30-март күнү медициналык колледждин кезектеги педагогикалык кеңешинде ТТжТИ ПЦКсынын төрагасы х.и.к. М.О.Сатиев 2023-2024-окуу жылынын 1-жарым жылдыкта аткарылган окуу жүктөмдөрү боюнча отчёт берди.


85-ЖЫЛДЫККА, 85 КӨЧӨТ

Быйыл ОшМУга 85-жыл, 2024-жылы 28-март күнү медициналык колледждин профессордук-окутуучулук курамы менен биргеликте «ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ТАК ИЛИМДЕР» ПЦКнын окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин 85-жылдык мааракесине карата «85-жылдыкка, 85 көчөт акциясы» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №77 жарлыгынын алкагында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында «Тазалыкты сактайлы» иш-чараларды комплексин өткөрүү жөнүндөгү буйругунун негизинде, ошондой эле шаарыбызды көрктөндүрүү максатында 85 даана ак чечек (клён) интрдукцияланган декоративдик дарак өсүмдүгүнүн көчөттөрүн отургузуу иштерин жүргүзүштү.


БИЗ ТАЗА ШААР ҮЧҮН

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-февралындагы "Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты жарыялоо жөнүндө" 143 токтомун аткаруу максатында 16-март күнү медициналык колледждин ТТжТИ ПЦКсында ишембилик болуп өттү.


БИЛИМ КӨПТҮК КЫЛБАЙТ, ӨНӨР АЗДЫК КЫЛБАЙТ.

2024-жыл, 26-февралдан 6-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы илимий-методикалык борбордо «Билим берүүдөгү менеджменттин заманбап технологиялары» аталышындагы 10 күндүк семинарда ТТжТИ ПЦКсынын окутуучулары Маметова Кызбурак, Сайпидинова Бүсанам эжекелер окуп келди. Семинардын жүрүшүндө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика университетинин Экономика жана Сервис колледжине тажрыйба алмашуу максатында барды. Андан сырткары «Авиценна Билим» эл аралык университетинин Авиценна медициналык колледжинде конок лекция окуду. Жыйынтыгында квалификацияны жогорулаткандыгы үчүн (72 саат) сертификат алып кайтышты. Сапаттуу билим бул эртеңки күнгө болгон ишеним.


КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Кайрымдуулук жасоо ар бир адамдын ички дүйнөсүнөн келип чыккан берешендикти талап кылат. ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору б.и.к., доцент К.Ш.Аттокуров жыл сайын салтка айланган кайрымдуулук иши менен алектенип келет. Бүгүн дагы 2024-жылы 22-февралда медициналык колледжде окуган ата-энеси жок, турмуш шарты оор 30 студентке кайрымдуулук иретинде жардам берип кетти. Агайдын бул иш-аракети башка адамдарга үлгү боло турган. Кайрымдуулук иштери менен алектенген үлгүлүү инсандар көп болсун.