Иш чаралар

Ош МУнун 85 жылдыгына арналган "IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM" аттуу колледждеги адистиктер ортосунда STEM WEEK жумалыгында өткөрүлгөн конкурстардын түрлөрү боюнча жалпы командалык эсепте ЭТЭА адистиги 1-орунду, РМТ адистиги 4-орунду ээлешти.


" >



      Ош МУнун 85-жылдыгына арналган “ IMAGINE YOUR FUTURE IN STEM” аттуу колледжибизде 2024 жылдын 3-апрелинде STEM WEEK жумалыгына арналган адистиктер арасындагы конкурс төмөнкү тартипте болуп өттү.
Жумалыктын экинчи күнүндө манас айтуу, бий менен коштолуп, Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүмүндөгү ТОРАТ , ЭС, РМТ, ЭТЭА адистиктери арасында конкурс өткөрүлдү.
1.Электр тогуна урулгандагы биринчи жардам көрсөтүү
Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүндөгү ар бир адистиктер электр тогун пайдалануу менен жумуш аткарышат. Ошондуктан ушул конкурсту ар бир адистике сунушталды.
2. Жол кыймылынын эрежелери боюнча
Бул конкурс азыркы убакта ар бир адистикте автоунааны пайдалангандыктан бөлүмдөгү адистиктерге сунушталды.
3. Электр чынжырын туура туташтыруу боюнча
Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүндөгү ар бир адистиктер электр тогун пайдаланып жумуш аткаргандыгына байланыштуу сунушталды.
Бул конкурста ар бир адистик конкурс учурунда ишин, билимин, кыймыл аракетин мыкты деңгээлде көрсөтө алышты. Жыйынтыгында ЭТЭА адистиги 1-орунду багындырды, ал эми РМТ адистиги 2-орун, ЭС, ТОРАТ адистиктери 3-орунду ээлешти.
Конкурста активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланды.