Миссиясы

Ош мамлекеттик университеттин алдындагы «Билим» лицейинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

«Билим» лицейи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистин окуу планы менен окуу-тарбия процессин жүргүзөт.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-11-класстын окуучулары кабыл алынган. 9 класс комплектиленген. Учурда 190 окуучу билим алып жатат. Окуучулар жалпысынан Ош жана Жалалабат областынын ар кайсы аймактарынан келишкен. Алардын 38и жатаканада жатып окушат. Жатаканадагы окуучулардын тартибин, сабак даярдоосун көзөмөлдөшкөн эки тарбиячы мугалим эмгектенет.

Лицей төмөнкүдөй үч багытта билим берүү ишин жүргүзөт:

Ø Биология жана химия предметтерин тереңдетип окутуу;

Ø Англис тили предметин тереңдетип окутуу;

Ø Кытай тили предметин тереңдетип окутуу;

Сабактан кийин математика, кыргыз тили, биология, химия, англис

тили сабактарынан ЖРТ га даярдоо жүргүзүлөт. Мындан сырткары түрк тили боюнча атайын сабак уюштурулган. Драмалык жана тогуз коргоол боюнча ийримдер иштейт.

Лицей атайын бекитилген жобого таянып окутуу процессин жүргүзөт.