Связи цикла

Циклдын илимий-изилдөө иштеринде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети сыяктуу илимий мекемелер, окуу жайлар менен тыгыз байланышта. Барпы, «Керме-Тоо», А. С. Макаренко, А. Навои атындагы мектептер, базалык мектептер. Алар менен бирдикте илимий-методикалык иштер алып барылат.


Циклдын иш-аракеттеринин негизги багыттары

-циклдын окутуучуларынын окуу - методикалык иш – аракеттерин өркүндөтүү;

-студенттердин адистик чыгармачылык сапатын көтөрүү максатында окутуунун жаны технологиясын пайдалануу;

-студенттердин өз алдынча иштөөсүн калыптандырууга, өстүрүүгө жетишүү;

-студенттердин арасында лингво – дидактикалык, өлкө таануу жана башка таалим – тарбиялык иштерди жүргүзүү;

-циклдын квалификациялык мүнөзүнө ылайык илимий– методикалык изилдөө иштерин жүргүзүү;

-илимий – педагогикалык кадрларды даярдоо.