Жалпы психология

КАФЕДРАНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

 

1 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕРИ:

-  КРдин билим берүү боюнча Мамлекеттик стандарттарына ылайык психологиялык дисциплиналар боюнча окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин (жумушчу программаларды, силлабустарды, баалоо каражаттарынын фондун жана тапшырмалардын комплексин ж.б.) иштеп чыгуу;

-  психологиялык дисциплиналар боюнча лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоо;

-  билим берүү процессиндеги илимий-психологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын интеграциялоо;

-  педагогикалык багыттагы адистиктердин негизги билим берүү программасына ылайык студенттердин педагогикалык практикаларын өтөөсүн психологиялык жетектөө программаларын, тапшырмаларын иштеп чыгуу;

-  студенттердин адистик боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу жаатында иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүү;

 

2- СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ:

-  кафедранын илимий изилдөө иштеринин стратегиялык багыттарын аныктоо жана бекитүү;

-  кафедранын окутуучуларынын жекече илимий-изилдөө иштерин тактоо жана активдештирүү;

-  окутуучулардын перспективдүү илимий - изилдөө программаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

-  кафедранын окутуучуларынын республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышуусуна шарт түзүү;

-  РИНЦке катталган журналдарга окутуу процессинин жана илимий-изилдөө иштердин жыйынтыгын жарыялап туруу;

-  жаш окутуучулар үчүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча иш чараларды уюштуруу. 

3-СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ.  КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛУК-ПРОФЕССОРДУК КУРАМЫНЫН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТҮҮ ИШТЕРИ:

-  жаш окутуучулардын окуу-усулдук жана илимий жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча кафедрада семинар-тренингдерди уюштуруу;

-  окутуунун инновациялык технологиялар боюнча ачык сабактарды уюштуруу;

-  психологиялык предметтер боюнча илимий ийримдерди түзүү;

-  жаш окутуучулардын магистратура, аспирантурага тапшыруусун колго алуу;

-  ММК булактарында алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;

-  билим берүү программалары боюнча проекттерге катышуу.

 

4-СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ.  КООМДУК- ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИ:

-  кафедрадагы окутуучулардын коомго кызмат өтөө маселелери боюнча иштерди алып баруу;

-  студенттердин инсандык калыптануусуна жана коомго социалдашуу процессине көмөк көрсөтүү;

-  ата-энелер менен тарбия иштери боюнча иш-чараларды өткөрүү;

-  студенттердин маданий жана спорттук иштерге катышуусуна жетектөө;

-  студенттердин адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды өздөштүрүүсү боюнча иш-чараларды уюштуруу;

-  студенттерге, окутуучуларга жана ата-энелерге психологиялык-педагогикалык консультацияларды берүү;

-  даталуу күндөргө карата кураторлор менен бирдикте түрдүү тематикадагы иш-чараларды уюштуруу.

 

5 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМИЙ МЕКЕМЕЛЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ:

-   ички кызматташтык: ОшМУнун педагогика, психология жана усулдук кафедралары менен тажрыйба алмашууну өнүктүрүү;

-  сырткы кызматташтык: КРдин жогорку окуу жайларынын педагогика жана психология кафедралары менен байланышты түзүү, чыңдоо жана кызматташуу;

-  академиялык мобилдүүлүк: коңшулаш жана эл аралык жогорку окуу жайлардын педагогика жана психология кафедралары менен менен байланышты түзүү, чыңдоо жана кызматташуу;

-  кызыктар тараптар (иш берүүчүлөр, ата-энелер, студенттер, бүтүрүүчүлөр) менен кызматташуу.

 

6 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУ:

-  иш берүүчүлөр менен кайтарым байланыштын жыйынтыктарын талдоо, сунуштарды берүү;

-  кесип тандоо жана аны улантууу боюнча психологиялык кеңештерди берүү жана профориентациялык иштерди уюштуруу.

 

КАФЕДРАНЫН МАТЕРИАЛДЫК–ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ

Кафедрага караштуу 2 кабинет (137 жана 206) бар. 2 компьютер интернет жана ОшМУнун интернет тармактарына туташтырылган. Кафедранын окутуучулары интернет тармагынан акысыз пайдаланышат. ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш ички интернет тармагы аркылуу жүргүзүлөт Кафедра жогоруда көрсөтүлгөн бардык багыттар боюнча керектүү материалдарды ОшМУнун сайтына жайгаштырат жана маалымат ала алат.

 

Кафедранын дареги: Масалиев пр. 91а, 137-каана, ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинин имараты.

Телефон: + 0551118842;       E-mail: psychologia@mail.ru

   

Сиздерди терең урматтоо менен, ОшМУнун “Жалпы психология” кафедрасынын жамааты