Ноокат гимназиясы

ОшМУнун Ноокат гимназиясы Ош мамлекеттик университетинин ректорунун демилгеси менен 2018-жылдын 26-майындагы №438-буйругунун негизинде “Билим” лицейинин базасында ачылган.

Ноокат гимназиясында эки усулдук бирикме бар. 1.Тилдер жана гуманитардык илимдер усулдук бирикмеси. 2.Так жана табигый илимдер усулдук бирикмеси.

Ноокат гимназиясы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык окуу-тарбия процессин жүргүзѳт.

Гимназия "Кесипке багыттап, ата-энелер, коомчулуктун жардамы менен алган билимдерин жашоодо пайдалана билген, коомдо өзүнүн ордун таба ала турган гумандуу,активдүү,атуулдук позиция бар инсанды тарбиялоо” деген ураандын негизинде иш алып барууда. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-класстан окуучуларды кабыл алат.

Гимназия окутуу процессин бекитилген атайын жобого таянып жүргүзѳт. Мамлекеттик программадагы окуу предметтеринен сырткары кытай тили, түрк тили, адеп сабактары окутулат. Мамлекеттик программадагы сабактарды ОшМУнун жана Ноокат районунун тажрыйбалуу мугалимдери окутушат