2018-2019-окуу жылына карата маалымат

Ош мамлекеттик университетинин мугалимдер д ин билимин өркүндөтүү институту тарабынан 2018-2019-окуу жылында жүргүзгөн иштери боюнча маалымат

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын суроо-талаптарына ылайык тренинг-семинарларды уюштуруп келет. 2018-2019-окуу жылы ичинде 233 педагог чеберчилигин жогорулатуу курсунан контракттык негизде өз билимдерин өркүндөтүштү.

Институт тарабынан уюштурулган жана өткөрүлгөн курстардын/семинарлардын /тренингдердин аталыштары:

· Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары;

· Кыргыз Республикасында мамлекеттик жалпы мектептик билим берүүнын стандарты;

· Көп тилдүү билим берүү. Предметти жана тилди интеграциялап окутуу

· Жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо маселелери

· Сабактарда компьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу

2018-2019-окуу жылындагы контракттык негизде уюштурулган курстар/семинарлар/тренингдер жөнүндө маалымат

Курстардын аталышы

Угуучулар жөнундө маалымат

Угуучу саны

сааты

Контракт өлчөмү

1

Жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо маселелери

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мугалимдери

33

72

33,000

2

Сабактарда компьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу

Ош шаарындагы П.Ж.Нышанов мектеби

17

12

5,100

3

Көп тилдүү билим берүү. Предметти жана тилди интеграциялап окутуу

ОшМУнун мугалимдери

17

36

17,000

4

Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары

Ош шаары, Кара Суу районунун мектеп мугалимдери

20

72

20,000

5

Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары

Кара-Кулжа районун мектеп мугалимдери

40

72

40,000

6

Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары

ОшМУ,ОГПИнин мугалимдери

33

72

33,000

7

Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары

Ноокат районун мектеп мугалимдери

28

72

28,000

8

Кыргыз Республикасында мамлекеттик жалпы мектептик билим берүүнын стандарты

Ноокат районун мектеп мугалимдери

27

72

27,000

9

Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары

ОшМУ ИПК мугалимдери

18

72

18000

Жалпы

233

552

221,100

Аталган семинарлар катышуучулардын ыңгайына жараша ишембилик мектептер, кышкы, жайкы мектептер, көчмө курстар уюштурулду жана кайтарым байланышты уюштуруу максатында мектептерде ачык сабактар күнү өткөрүлдү. Мындан сырткары институтту жарнамалоо максатта бир канча окуу жай, мекемелерде акысыз семинарлар уюштурулду.

2019-жылдын январь айында ОшМУнун мектеп жамааты менен жыйналыштар өткөрүлүп Кара-Кулжа Кара-Суу Ноокат гимназияларынын аккредитация маселелери каралды жана январь айында эс алуу болгонуна байланыштуу мектептерде документациялар оңдолуп түзөлүп институтта болсо,семинарлар өткөрүлдү. Окуучуларды олипиадага даярдоо маселеси, окутуунун сапатын арттыруу маселелери каралды. ЖРТга Кара-Кулжа районунун окуучуларын даярдоолор уюштурулду.

2019-жылдын 15-февралында Өзбек Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин алдындагы Академиялык лицей менен Кыргыз Республикасынын Ош мамлекеттик университетинин алдындагы “Билим” лицейинин ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Март айында Түркия мамлекетине иш сапарга барып келген мугалимдер Түркиядагы иман хатип лицейлеринин окуу процессиндеги өтүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана биздин мектептер, мугалимдер алардан кандай үлгү алуу керектигин жана айрмасын айтып беришти.

ОшМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту тарабынан 2019-жылдын 18-24-январында Кара-Кулжа районунун, бир топ мектептеринин кыргыз тили жана адабияты, математика адистиктеринин мугалимдери үчүн “Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары” деп аталган кесиптик чеберчиликти жогорулатуу максатындагы семинар-тренинг уюштурулду. Анда мугалимдер Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты (2014), анын негизги бөлүмдөрү, өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнүктөрүн арттырышты. Предметти окутуу аркылуу негиги компетенттүүлүктөрдү калыптоодогу деңгээлдик тапшырмаларды түзүү ыкмаларына ээ болушту. Мугалимдер бул иш-аракет мазмундуу жана натыйжалуу болгонун белгилешип, ОшМУга ыраазычылыгын айтышты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыров Абдрасул Бектемирович ОшМУ менен педагогикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин билдирди. Семинар-тренинг ОшМУнун Кара-Кулжа гимназиясында өткөрүлдү.

2-19-жылдын март айында Ош шаарында таэквондо WT боюнча “Зирек” башталгыч билим берүү комплесинин кубогу болуп ага алты жаштан жогорку балдар киргизилди. Кубокко СК«Зирек», «Школа Таэквондо», СК «Алыш», СК «Шумкар», СК «Эверест» жана Кара-Суу, Кызыл-Кия шаарларынын, Мамажан айылынын спорттук клубдарынын спортсмендери катышты.

200 спортсмен катышкан бул мелдеште жалпы командалык биринчи орунга Кызыл-Кыя шаарынын, экинчи орунга СК «Алыш», үчүнчү орунга Шумкар спорттук клубдары ээ болушту. Бул ОшМУнун мектептеринин ичинен биринчи өткөрүлгөн кубок болду.

“Жаш мугалим 2019” сынагынын катышуучусу, ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын тарых мугалими Таалайбек кызы жеңүүчү болуп, биринчи орунга татыктуу болду. ОшМУнун мектептеринин 2018-2019-окуу жылындагы ЖРТын жыйынтыгы боюнча мыкты көрсөткүчкө жетишти десек болот. Ал төмөнкү диаграммадан көрүнүп турат.

ОшМУнун мектептеринин 2018-2019-окуу жылындагы ЖРТын жыйынтыгы

Мектептер

Эң жогорку балл

Орточо балл

Босого баллдан өткөнү

Жалпы окуучулардын саны

110дон өткөнү

%ы менен

1

"Кара-Суу" гимназиясы

213

152

9

8

89%

2

"Билим" лицейи

210

151

42

41

98%

3

"Ыйман" гимназиясы

193

149

18

15

84%

4

"Ноокат" гимназиясы

173

150

8

8

100%

5

"Кара-Кулжа" гимназиясы

160

127

11

8

73%

Жалпы:

146

88

80

91%