Материалдык техникалык база

Окуу процесси н уюштуруу , материалдык-техникалык база, библиотекалык фонд

Башталгыч билим берүү борборунун имараты типтүү проект менен кирпичтен салынган эки кабат имаратта жайгашкан, жалпы аянты - 603,9м2. Билим берүү бобору 180 орунга эсептелген, анын ичинде: 1 музыкалык зал; 9 класстык бөлмө; медициналык, административдик, усулдук кааналар; 1 ойноочу зал бар.

«Зирек» башталгыч билим берүү борбору КРнын мамлекеттик стандартынын, билим берүү тармагындагы улуттук программалардын, ОшМУнун Уставынын жана жобосунун негизинде иш алып барат.

Ошондой эле балдарды тамактандыруу нормалары, санитардык-гигиеналык эрежелер, балдар оорууларынын алдын алуу, сабакта жана сабактан тышкаркы убактарда балдардын оюн ишмердүүлүгүн уюштуруу, ар кандай кечелерди жана көңүл ачууларды өткөрүү, түрдүү курактагы балдар менен иштөөнүн графигин, нормаларын так сактап келет.