Азыркы учурда гимназияны кыргыз тараптан дайындалган директор Элболдуев Жеңишбек Эшмаматович жана Түркия тараптан дайындалган директор Хамза Сечгин жетектейт.
Гимназиянын мугалимдери учурдагы окутуунун жаңы технологияларына негизделген талапка ылайык иш алып барышууда.
Гимназияда мамлекеттик программадагы сабактарды ОшМУнун тажрыйбалуу мугалимдери жана дин таануу сабактарын Түркиядан келген жана Теология факультетин бүтүргөн мугалимдер окутушат.
Гимназияда жалпысынан 29 мугалим эмгектенет.Алардын ичинде 1 “Билим берүүнүн мыктысы”6 магистр бар.
Гимназиянын мугалимдери бир нече семинарларга катышышып, атайын сертификаттарга ээ болушкан.