Кара -Суу гимназиясынын кызматкерлери жана структурасы

Жалпы педагогикалык курамы 18 мугалимден туруп, баары жогорку билимдүү, негизинен жаш кадрлар менен толукталган. Гимназиянын мугалимдери учурдагы окутуунун жаңы технологияларына негизделген талапка ылайык иш алып барышууда. 2018-2019-окуу жылында Компетенттүүлүккө багыттталган окутуунун жаңы технологиялары боюнча

4 мугалим өз билимин өркүндөтүү боюнча семинардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.

1. Юсупали уулу Залкар

2. Камалов Султан

3. Калпакова Айпери

4. Максатбеков Сыймык

5. Кубанычбек уулу Нурсултан

Гимназиянын жамааты өзүнүн алдына төмөнкү милдеттерди коюп келет:

- Окуучуларга программадагы сабактарды жеткиликтүү окутуу менен бирге кошумча сабактарды жогорку деңгээлде окутуу;

- Компьютердик сабаттуулукту арттыруу;

- Мекенди сүйүүгө жана улуттук тарбияны кошо берүүгө багыттап, таалим тарбия берүү менен мекенчилдик сезимин арттыруу;

- Адеп-ахлактык маданиятын калыптандыруу процессинде окутуунун алдынкы, эффективдүү усулдарын колдонуу ж.б.