Тарыхы


Табият таануу жана география факультети! «Факультеттер аралык №2 дене-тарбия» кафедрасынын ачылышы жана кыскача тарыхы. Дене-тарбия кафедрасы 1949-жылы Ош областык мугалимдерди даярдоочу эки жылдык иниститут болуп ачылган. Ал мезгилде, иниститутунда беш факультет болуп, алардын арасында дене-тарбия кафедрасы 2 тайпа окуткан. Дене-тарбия кафедрасы өз ишин 1949-жылы 5 окутуучу, 2 лабарант менен баштап, кафедра башчы болуп Д.В. Фрейман агай дайындалган. Агай ошол кызматта 5 жыл эмгектенген. Андан кийин, 1953-жылы Ош областык мугалимдердин иниституту, Ош мамлектеттик иниституту болуп өзгөргөн. Иниститут жаңы наам алгандан кийин, Н.С, Лепесов (1953-1954), С.Э. Риннэ (1955-1959), А.Н. Еропунов (1959-1962), Э.Э. Бреш (1963-1968)- жылдары жетектесе, 1969-жылы кайра эле Лепесов кафедра башчы болуп келген. Агай, 1972-жылы жумуштан кетип, анын ордуна И.З. Шербаков дайындалган. Кийинки жылдары, кафедраны А. Юнусов (1975-1982), Х.Х. Артыков (1982-1985), А.Д. Дублов (1985-1986), Т. Королев ( 1986-1988), Т. Жалилов (1988-1997) К.М. Маматов 1997-1998), Т. Оморов (1999-2002) жетектешкен. Ал эми 2002-2003-окуу жылдары дене-тарбия кафедрасы, эки кафедрага бөлүнгөн. Алгач 2 кафедраны ага окутуучу Р. Карабаев жана ф.и.к. доцент Х.Х. Артыков жетектеген. Кийинки жылдары, ага окутуучуу М. Жусубалиев (2003-2005), доцент А. Нурматов 92011-2012), доцент А. Назиров (2012-2017), ага окутуучу К. Нурматов (2017-2019) жетеп келишкен. 2019-жылы 9-июльунда ОшМУнун окумуштуулар кеңешмесинин чечими менен №576 буйрук негизинде табият таануу жана география факультетинин факультеттер аралык №2 дене-тарбия кафедрасы ачылган. Аталган кафедраны алгач, ага окутуучу А.Э. Саттаров жетектесе, 2020-жылдын 24-февралынан баштап, доцент Б.М. Кулуев жетектөөдө. Азыр №2 дене-тарбия кафедрасында 20 мугалим үзүрлүү эмкектенип жатат!