Миссия, цели и задачи руководства физической культуры

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН МИЛДЕТТЕРИ:

1. “Башталгыч класстарды окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү”, “Тигилүүчү кийимдерди конструкциялоо, моделдештирүү жана алардын технологиясы”, “Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо”, “Дизайн”, “Социалдык иш” жана “Дене тарбия” адистиктери боюнча студенттерди кесипке сапаттуу даярдоону ишке ашыруу.

2. Окуу процессинде заманбап билим берүү стратегиясына негизделген жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик стандарттарда белгиленген компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк түзгөн окутуунун инновациялык технологияларын жайылтуу (билимдерин трансформациялоонун, окутуудагы сынчыл ойломдун, интеграциялап окутуунун, практикада үйрөнүүнүн, СӨАИни жана СӨИни уюштуруунун негизинде).

3. Мамлекеттик стандарттарга ылайык окуу процессин камсыздоочу окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу (болочок адистердин маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандырууга мүмкүндүк түзүүчү окуу планындагы бардык дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди электрондук версиялары менен).

4. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги программаларын өздөштүргөндөн кийин бакалавриатта билим алууну улантууга мүмкүндүк түзүүчү оптималдуу шарттарды жаратуу.

5. Практикалардын бардык түрлөрүн сапаттуу уюштуруу жана өткөрүүнү иш берүүчүлөрдүн эсебинен камсыздоо. Практиканы өткөрүү, практиканын бардык түрлөрүнүн натыйжалары, натыйжалуулугу жөнүндөгү ар кандай маалыматтарды топтоо, эсепке алуу менен иштеп чыгуу жана талдоо, практиканттардын рейтингин аныктоо учурунда алардын компетенцияларынын калыптанышынын деңгээлин аныктоо боюнча инструменттерди иштеп чыгуу.

6. “Дене тарбия” адистигинин студенттерине дуалдык билим берүүнү акырындык менен киргизүү.

7. Илимий изилдөө процесстерин өркүндөтүү, СИИИни уюштуруу, рейтингдик көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында циклдык комиссиянын окутуучуларынын потенциалын максималдуу пайдалануу.

8. Студенттердин социалдык активдүүлүгүн калыптандыруу үчүн атуулдук, эстетикалык, укуктук, толеранттуулук, экологиялык, руханий-адептүүлүк, эмгек, дин таануу, саясий жана дене маданияты боюнча тарбия берүүнүн системасын түзүү.