Отчеттор
2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын отчету
1. Эл аралык байланыштар боюнча иш-аракеттердин факультеттердин жылдык иш пландарында чагылдырылышы. Окуу жылдары үчүн факультеттин жана кафедралардын эл аралык негизги багыттарын карап чыгып, иш план бекитилип турат.
ОшМУнун эл аралык бөлүмү менен тыгыз байланышта болуп жана алар менен иш алып барылууда. 2021-2022-окуу жылына карата эл аралык байланыштар боюнча иш планы бекитилген жана бекитилген иш план боюнча иш жүргүзүлүүдө.
2. Эл аралык байланыштар боюнча иш-аракеттердин факультеттердин Окумуштуулар кеңештеринде жана кафедралардын кеңешмелеринде каралышы. Кабыл алынган чечимдер жана алардын аткарылышы боюнча маалымат (жыйындардын даталарын көрсөтүү менен).
Физика- техника факультетинин 20-январь, 2022-жылы Окумуштуулар Кеңешинин кезектеги №4 жыйынында илимий изилдөөлөр жана эл аралык байланыштар боюнча отчет берилди (факультеттин деканынын илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Макамбаева Ж. А. отчет берди).
3. 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгындагы профессордук-окутуучулук курамдын иш сапарлары жана академиялык мобилдүүлүгү чакан текст түрүндө.
Физика- техника факультетинде 1-жарым жылдыгында профессордук окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүк болгон жок.
4. Сырткы мобилдүүлүк. 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында “Эки тараптуу келишимдер” боюнча жиберилген студенттер/окутуучучулар (ар бир факультет өзүнүн маалыматын жазат).
Сырткы мобилдүүлүк боюнча эки тараптуу келишимдер боюнча жиберилген окутуучулар болгон жок.
5. Сырткы мобилдүүлүк. 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында “Эки тараптуу келишимдер” боюнча келген студенттер/окутуучулар (ар бир факультет өзүнүн маалыматын жазат).
Факультетте эки тараптуу келишимдер боюнча келген студенттер жок.
6. ОшМУга ата-мекендик ЖОЖдордон келген студенттер жана окутуучулар (ар бир факультет өзүнүн маалыматын жазат).
Факультетте ата-мекендик ЖОЖдордон келген студенттер жок.
7. Чет өлкөлүк студенттер боюнча кыскача маалымат (2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгы).
Үлгү: 1.Физика-техника факультети :1-курстар – 40, чоң курстар – 34, жалпы – 74 студент.
8. Учурдагы иштеп жаткан долбоорлор жөнүндө маалымат.
Азыркы учурда иштеп жаткан долбоорлор жок.
9. 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында чет өлкөлүк жана ата мекендик окуу жайларга ОшМУдан барып өткөрүлгөн делегациялар конок-лекторлор жана уюштурулган он-лайн лекциялар, өткөрүлгөн эл аралык деңгээлдеги негизги иш-чаралар боюнча маалымат (ар бир факультет өзүнүн маалыматын жазат).
1. 2021-жылдын 6-октябрында Ош Мамлекеттик Универститетинин Физика- техника факультетинин окутуучусу доцент Өскөнбаев И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физик окутуучуларына жана студенттерине «Виртуалдык лабораторияны окутуунун ыкмалары» деген темада конок лекция окуп кайтты.
2. 2021-жылдын 2-декабрында Ош Мамлекеттик Универститетинин Физика- техника факультетинин окутуучулары Андижан Мамлекеттик университетине конок катары барып лекция окуп кайтышты . «Катуу телолордун физикасын виртуалдык лабораториянын жардамында колдонуп окутуу» деген темада.