Учебно-полевая практика
ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫ
География адистерин даярдоодо окуу-талаа практикасынын ролу чоң. Практикада студенттер окуу процессинде алган билимдерин талаада толуктап, материалдарды топтоп, курстук жана дипломдук иштерди жазат. Шаардагы, областагы ишканалар менен байланышып турушат. Географиянын башка адистиктерден өзгөчөлүгү студенттерде, кыргыз жеринин жаратылышын сактоо сезимин калыптандыруу болуп саналат. Кийинки жылдары 1-2-курстар Чоң-Алай, Алай, Ноокат, Өзгөн, Аксы, Базар-Коргон райондорунун аймагында; 3-курстун студенттери биргелешкен практиканы Жалал-Абад–Токтогул–Чаек–Нарын–Балыкчы-Чолпон-Ата–Бишкек–Ош маршуруттары боюнча өткөрүшөт.