Окумуштуулар кеңешинин протоколдору

Магистрдик диссертациялардын, квалификациялык иштердин темаларын сунуштоо ПРОТОКОЛУ



ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КЕЗЕКТЕГИ ЖОЛУГУШУУ

МАГИСТРЛЕР МЕНЕН КАЙРАДАН ЖОЛУГУШУУ

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ОПК МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ




БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ПРОТОКОЛУ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

МАГИСТРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ОПК МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ




ОПК МЕНЕН МИССИЯНЫ ТАЛКУУЛОО

СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР МЕНЕН МИССИЯНЫ ТАЛКУУЛОО

МИССИЯ ӨЗГӨРГӨНДӨН КИЙИН НББПНЫ ТАЛКУУЛОО



КАФЕДРА БАШЧЫЛАРДЫН ИШИН БААЛОО, ОТЧЕТУН УГУУ



.>
ИШ ПЛАНДАРДЫ БЕКИТҮҮ


ОМКЛАРДЫ БЕКИТҮҮ


КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТЕРДИН, МАГИСТРДИК ДИССЕРТАЦИЯЛАРДЫН ТЕМАЛАРЫН БЕКИТҮҮ



НББПНЫН МАКСАТТАРЫН ТАЛКУУЛОО


Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2022-жылдын

13-декабрында болуп өткөн Окумуштуулар кеңешинин № 4 протоколунан

к ө ч ү р м ө

Төрага: Турганбаев Н.

Катчы: Заирова Н.

Катышканы – 20

Катышпаганы - 3

Күн тартиби:

1.Квалификациялык иштердин, магистрдик диссертациялардын темаларынын актуалдуулу, темаларды тандоодо стейкхолдерлердин сунуш-талаптарынын эске алынышы менен жетекчилерин бекитүү.

2.Кафедралардын институционалдык аккредитацияга даярдыгы

3.Факультеттин кафедраларынын QS университеттеринин дүйнөлүк рейтингине катышуунун абалы

4.Ар түрдүү маселелер

Угулду: 1-маселе. Факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары доц. Н.Мапаева: - Саламатсыздарбы, урматтуу коллегалар? 1-маселе боюнча төмөнкү маселелерге токтолоюн. Биринчиден, күндүзгү окуу бөлүмүндө окуп жаткан 4-курстун студенттери окуу жылдын башында квалификациялык иштердин темаларын, жетекчилерин ар бир кафедрада тандап, талкуудан өткөрүшөт. Кафедралардын билдирүүлөрүн чогултуп, деканат факультеттин Окумуштуулар кеңешинде талкууланат. КОБдо жалпысынан 13 студент, журналистика адистигинде 16 студент иштин темаларын, жетекчилерин тандашты. Ал эми дистанттык окуу бөлүмдө акыркы крста эмес, 4-курста теманы тандоо керек. Жалпы 5 студент тандашты. Ар бир теманын актуалдуулугу, окутуунун натыйжасына дал келишине кафедра башчылары жооп берет.

Сүйлөдү: кыргыз тили илими кафедрасынын доценти М.Кошуева: - Квалификациялык иштерди талкуулоодо, темаларын бекитүүдө кафедра мүчөлөрүнөн сырткары иш берүүчүлөр да катышып, өздөрүнүн сунуштарын берип эске алынса жакшы болот жана натыйжалуу болмок. Угулду: 2-маселе. Факультеттин усулдук бирикмесинин башчысы, улук окутуучу А.Маматова: - Факультетте 3 программа боюнча ар бир кафедрада тиешелүү дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстери түзүлгөн. Алсак, кыргыз тил илими кафедрасында 13 дисциплина бакалаврда, 11 дисциплина магистратурада, кыргыз адабияты кафедрасында 11 бакалаврда, 11 магистратурада, ФББТ кафедрасында 11 бакалаврда, 7 магистратурада, журналистика кафедрасында 27 дисциплина окутулат. Бардык предметтердин ОМКсы түзүлгөн, бирок жаңылоо, толуктоо зарыл. Кафедранын жыйынында талкууланган. Ошондой эле окутуу натыйжаларын программанын ОНуна карап, баалоо каражаттар фондун жогорку деңгээлдеги тапшырмалар менен толуктоо зарыл. Сүйлөдү:Магистратура башчысы М.Табалдиева: - 19-бюллетенге өзгөртүү киргизилдиби?

А.Маматова: - Эгер окутуучу өзүнүн окуткан предмети боюнча өзгөртүү киргизип, аны негиздеп бере алса, анда болот.

Угулду: 3-маселе. Кыргыз тили илими, кыргыз адабияты, ФББТ кафедраларынын башчыларынын билдирүүлөрү тиркелет. Факультеттин кафедраларынын QS университеттеринин дүйнөлүк рейтингине катышуусуна түздөн-түз тиешеси бар. Ар бир кафедрада иштеген окутуучу, доцент, профессор өзүнүн илимий иштеринин жазылышы менен рейтингге катышууга салым кошо алат.

Факультеттин Окумуштуулар кеңешинин жыйынында төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛЫНДЫ:

1. Квалификациялык иштердин, магистрдик диссертациялардын темаларынын актуалдуулугу, стейкхолдерлердин сунуш-талаптарынын эске алынышы менен жетекчилери бекитилсин.

2. Кафедралардын институционалдык аккредитацияга даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын жана ар бир предметтин ОМКларын жаңылоо, ОНго дал келишин тактоо ар бир кафедра башчыларына жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

3. Факультеттин кафедраларынын QS университеттеринин дүйнөлүк рейтингине катышуусунун абалын көзөмөлдөө, жакшыртуу ар бир кафедра башчыларына жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Окумуштуулар кеңешинин бул чечимин колдоп берүү жагы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинен суралсын.

Окумуштуулар кеңешинин төрагасы: Турганбаев Н.

Окумуштуулар кеңешинин катчысы: Заирова Н.

Көчүрмө анык.

Катчы: Заирова Н.

2022-жылдын 13-декабры


Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2022-жылдын

3-октябрында болуп өткөн Окумуштуулар кеңешинин № 1 протоколунан

к ө ч ү р м ө

Төрага: Турганбаев Н.

Катчы: Заирова Н.

Катышканы – 16

Катышпаганы - 7

Күн тартиби:

3. А р т ү р д ү ү м а с е л е л е р: Бакалавр: 550300 филологиялык билим берүү (профиль: кыргыз тили жана адабияты), 530600 журналистика, магистратура: 550300 филологиялык билим берүү, 531000 филология программаларынын стандартын талкуулоо жана окуу планын иштеп чыгуу жөнүндө

Угулду: Окумуштуулар кеңешинин төрагасы, доцент Н.Турганбаев бакалавр: 550300 филологиялык билим берүү (профиль: кыргыз тили жана адабияты), 530600 журналистика, магистратура: 550300 филологиялык билим берүү, 531000 филология программаларынын стандартын талкуулоо жана окуу планын иштеп чыгуу боюнча угузду.

Сөз сүйлөдү: декандын окуу иштери боюнча орун басары, доцент Н.Мапаева, усулдук бирикменин төрайымы улук окутуучу А.Маматова, журналистика кафедрасынын башчысы доц. С.Эргешова, магистратура бөлүмүнүн башчысы улук окутуучу М.Табалдиева жаңы окуу планды талкуулоо менен бирге, өз ойлорун айтышты. Жана кемчиликтерди толуктоо аркылуу, окутуу натыйжасына бара турган компетенцияларды киргизүү менен заманбап предметтерди сунуштоо боюнча пикирлерин билдиришти.

Бул маселени Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү толугу менен колдошту жана төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛЫНДЫ:

1. Бакалавр: 550300 филологиялык билим берүү (профиль: кыргыз тили жана адабияты), 530600 журналистика, магистратура: 550300 филологиялык билим берүү, 531000 филология программаларынын стандарты талкууланып, окуу планы иштелип чыгып, кемчилдиктерди толуктоо менен кабыл алынып бекитилсин.

2. Окумуштуулар кеңешинин бул чечимин колдоп берүү жагы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинен суралсын.

Окумуштуулар кеңешинин төрагасы: Турганбаев Н.

Окумуштуулар кеңешинин катчысы: Заирова Н.

Көчүрмө анык.

Катчы: Заирова Н.

2022-жылдын 5-октябры