Жаңылыктар Архив

1125 17:53 11-12-2017

Программа

Пед.практика

1120 16:09 25-10-2017

Конференция

1053 15:50 24-10-2017
Педагогика кафедрасы
            КАФЕДРАНЫН ИШМЕРДИГИНИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
      КАФЕДРАНЫН МИССИЯСЫ: Педагогика илимин өнүктүрүү менен компетенттүү адистерди даярдоону иш жүзөгө ашыруу.
Кафедранын ишмердигинин мазмуну жана милдеттери:
      БИРИНЧИ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: “Билим берүү ишмердигин модернизациялоо” – билим берүү процесиндеги илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын интеграциялоо:
      - Мамлекеттик жогорку билим берүү стандартынын III муунун практикада жайылтуу (реялизациялоо);
      - факультеттердеги негизги билим берүү программасынын мазмунуна сунуштарды берип туруу;
      - бакалавр жана магистратуранын модулдук программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин толуктоо жана жаңылап туруу;
      - бакалавр жана магистратуранын программаларын негизинде балоо каражаттарынын фондун жана тапшырмалар банкын иштеп чыгуу;
      - студенттерди компетентүүлүкө негиздеп окутуунун чегинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун программаларын иштеп чыгуу, жаңылап туруу;
      - билим берүү программаларынын тарбиялык патенциялын жайылтуу.
      ЭКИНЧИ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: - “Инновациялык ишмердүүлүктү жана илимий-изилдөө иштерин модернизациялоо” кафедранын окутуучуларынын илимий-изилдөө иштерин активдештирүү:
      - кафедранын окутуучуларынын перспективдүү илимий - изилдөө программаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
      - илимий - изилдөө иштерине гранттарды алуу үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын публикациялоо;
      - РИНЦке катталган журналдарга окутуу процессинин жана илимий-изилдөө иштердин жыйынтыгын жарыялап туруу.
      ҮЧҮНЧҮ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: - “Социалдык өнөктөштүктү жайылтуу” билим берүү жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты өнүктүрүү:
      - Ички өнөктөштүк: ОшМунун факультеттердеги методика кафедралары менен ишкер карым-катнашты уюштуруу;
      - Сырткы өнөктөштүк: КРнын жана коңшу мамлекеттердин билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышты колго алуу;
      - КРнын ЖОЖдорунун педагогика кафедралары менен алакада болуу.
      ТӨРТҮНЧҮ СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ: - “Кафедранын кадрдык патенциялын өнүктүрүү” кафедранын кызматкерлеринин кесиптик жана инсандык жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жетишүү:
      - перспективдүү жаштардын өнүгүсүү үчүн шарттарды түзүп берүү;
      - жаш окутуучларды комплекстүү илимий-изилдөө иштерине тартуу жана программаларга ылайык жыйынтыктарын жайылтып туруу;
      - жаш окутуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн жаңы форматын иштеп чыгуу;
      - кафедранын окутуучуларынын жекече карьераларын пландоо.
      КАФЕДРАНЫН МИЛДЕТТЕРИ
       Факультеттердин НББПна ылайык педагогикалык билим берүү багыты боюнча мугалимдик адистиктеринде кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды алып баруу;
       Окутуунун жаңы, заманбап жана инновациялык технологияларын окутууда пайдаланууну өркүндөтүү;
       Студенттерде кафедрадагы окутулуучу дисциплиналар боюнча билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу;
       Студенттерди окутууда алган билимдерин жана көндүмдөрүн тиешелүү адис катарында колдоно билүүгө көнүктүрүү;
       Педагогикалык багыттагы адистиктердеги студенттерди алган билимдерин практика жүзүндө пайдалана билүүгө калыптандыруу;
       Окутууну практика менен тыгыз байланышта алып бару жана заманбап инновациялыкк технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү;
       Кафедранын ишин жогорку сапаттык деңгэээлде уюштуруу;
       Лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактарды окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу менен жогорку илимий–усулдук деңгээлде алып баруу;
       Кафедранын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоону өркүндөтүү;
       Кафедранын илимий-методикалы киштерин уюштуруу;
       Окутуучулар, студенттер үчүн методикалык окуу–колдонмолорду жарыкка чыгарууну өркүндөтүү;
       Кафедранын багыттары боюнча илимий–изилдөө иштерин аткаруу;
       Кафедранын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу;
       Окуп-үйрөнүү, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;
       Студенттер үчүн маданий–тарбиялык иш–чараларды жүргүзүү.
          КАФЕДРАНЫН МАТЕРИАЛДЫК–ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ
      Кафедрага караштуу 2 кабинет бар 122, 119. 4 компьютер интернет жана ОшМУнун Интранет тармактарына туташтырылган. Кафедранын окутуучулары Интернет тармагынан акысыз пайдаланышат.       Кафедрада 10 дон ашык CD, DVDдисктерге жазылган электрондук окуу китептер жана колдонмолор, педагогикалык тематикадагы кино тасмалардын топтомдору бар. Окутуучулар жана студенттер учурунда пайдаланып турушат.
      ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш (документтердин файлдарын, кабарларды, ж.б. маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу) ички Интранет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлүүдө (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730).
      КАФЕДРАНЫН ДАРЕГИ:
      723500. Ош ш., А.Масалиев к., 91 а. Ош МУнун Педагогика жана дене тарбия факультетинин имараты.
Педагогика кафедрасы. 122-каана.
      E-mail: ped_kaf@mail.ru
      Web-сайт: //https://base.oshsu.kg/univer/?lg=1&id_parent=1009