Өткөрүлгөн иш чаралар
Ош МУнун Медициналык колледжинде 24.01.2024-ж. “Иш берүүчүлөр аркылуу практикада кесиптик компетенциялардын калыптануусу” аттуу темада тегерек стол болуп өттү. Бул иш чарага иш берүүчүлөр, ата-энелер, мурун медициналык колледжди аяктаган бүтүрүүчүлөр, ушул жылдагы бүтүрүүчүлөр катышты. Жыйындын жүрүшүндө колледждин иш пландары, максаттары талкууланды жана сунуштар берилди. Мыкты өнөктөштөр, активдүү ата-энелер, окуунун мыктылары ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.


2022-2023-окуу жылынынын 20-январында "Medaym kg" программасы менен Германиядан келген иш берүүчүлөр жана медициналык колледждин медайым ишинин негиздери адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.Мында иш берүүчүлөр өздөрүнүн Германия өлкөсүнө ишке жайгашуу боюнча суроо-талаптары жөнүндө маалымат беришти. Бүтүрүүчү студенттер кызыккан суроолорун беришип, жооп алышты.


2022-2023-окуу жылынын 18-январында Медициналык колледждин бүтүрүүчүлөрү, иш берүүчүлөр, ата-энелер жана окуусун аяктап ийгилике жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда "Медициналык колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн өндүрүштөгү орду" атуу конференция өткөрүлдү. Иш берүүчүлөр бош жумуш орундарды, кабыл алуудагы коюлуучу талаптар жана өздөрүнүн-сунуш пикирлери менен тааныштыра кетишти. Практика жетекчилери А. Таштанов жана Б. Топчубаев өндүрүштүк практика боюнча доклад окушту. Медициналык колледждин бүтүрүүчүсү "Неман" дарыканасынын майда соодалар боюнча Оштогу менеджери А. Полотов "Ийгилике жетүүнүн сырлары" аттуу темада доклад окуду. Конференциянын аягында иш берүүчүлөр, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.


2022-2023- окуу жылыннын январь айында 2021-2022- окуу жылында окуусун аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусу боюнча маалымат чогултулду жана эсеп-кысап берилди


28.04.2022 жылы Ош Мамлекеттик Университетинин башкы корпусунда ачык эшиктер күнү болуп өттү. Билим күнүнө карата медициналык колледждин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү кадырлуу конок катары чакырылып көргөзмө, атайын семинарга катышышты.


Медициналык колледждин фармация адистигин ийгиликтүү аяктап медицина факультетинин кечки бөлүмүндө билимин улантып жаткан студенттерге анкетирлөө жүргүзүлдү.


17.03.2022-ж.медициналык колледжде чет мамлекеттерде жумуш менен камсыздоочу "скай компани " компаниясы студенттер үчүн атайын семинар өтүштү. Бул компания стутуденттерди жайкы эс алуу учурунда Германия, Бельгия, Турция, Польша өлкөлөрүнө кызматташууга чакырды.


29.01.2022-ж. “Дарылоо иши” адистигинин бүтүрүүчүлөрү үчүн “ Жумушка орноштуруу жана профессионалдык чөйрөнүн аспектилери ” аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Бул жолугушууга Ош шаардык медициналык тез жардам бекетинин директору Мирболот Латыпжанович Султанов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы медайымы Жанна Сулаймановна Абдираимова, медициналык колледждин жетекчилери катышты.

Окуунун мыктылары, активисттер ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.


2021-2022- окуу жылынын 11-декабрында стоматологиялык профилактика адистигинин бүтүрүүчү студенттери менен иш берүүчүлөр, ата-энелердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда иш берүүчүлөр окуу кааналарынын жабдылыштары, тийиштүү документтер менен таанышып жумушка кабыл алуудагы талаптар, эрежелер жана окуу процессине сунуштарын билдиришти. Студенттер жана ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолого жооп ала алышты.